Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 07.08.2019 15:20

Айыл турмушу: Жайлоодо 20 бээ саап, туристтерге сынак уюштурган үй-бүлө

Turmush -  Түп районунун Кең-Суу айылынын тургуну Болот Абасханов үй-бүлөсү менен 10 жылдан бери Каркыра жайлоосунда туристтерди тосот. Аймактык кабарчы анын үй-бүлөсү менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал жайлоодо бир желе жылкы байлап, эс алуучулар көбүнчө сүт ичүүгө келишет. Келинчеги Асел Абасханова жайлоодо уй саап, каймак тартып, улуттук тамаш-аштардын түрүн бышырат.

«Биз жайлоого боз үй тигип, эс алуучуларды кабыл алабыз. Аларга улуттук тамак-аштарды жасап беребиз. Жалпы 20 бээ саайбыз. Мага кайын иним Картайган жардам берет. Ал үй-бүлөнүн эң кичүүсү. Ал окуучулук кезинен бери мал багып, бээ сааганды жеңелерине дагы үйрөткөн. Анын бээ сааганын көргөн айылдын мырзалары дагы бээ саап башташты», - дейт Асел Абасханова.

Алар Каркыра өрөөнүнө алгачкылардан болуп отурукташкан.

«Чет элдиктер үчүн улуттук ашкананы даңазалоо максатында «Боорсок фест» сынагын уюштуруп, бээ сааганды үйрөтүү боюнча мастер-класстарды өткөрөбүз. Картайган англис тилинде эркин сүйлөйт. Чет элдик эс алуучуларга жайлоо, кыргыз элинин улуттук көөнөрбөс мурастары туурасында айтып берет.

Жыл сайын келген туруктуу кардарларыбыз да бар. Чет элдик эс алуучулардын саны дагы көбөйүп жатат. Кийинки жылы ишти кеңейтип, иш орундарын түзүүнү пландап жатабыз», - дейт А.Абасханова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×