Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 06.08.2019 15:02

Аксынын Таштак айылындагы көчөгө түнкү чырактар орнотулду

Turmush -  Аксы районунун Таштак айылындагы көчөгө түнкү чырактар орнотулду. Бул тууралуу Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдыз Осмонова билдирди.

Анын айтымында, мындай иштер жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо жана айылдын инфраструктурасын жакшыртуу максатында жасалды.

«Айыл өкмөттүн казынасынан 160 миң сом каражат бөлүнүп, түнкү чырактар орнотулду. Көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн 11 мамы коюлду», - деди ал.

Таштак айылында 200гө чукул түтүн эл жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×