Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 06.08.2019 09:59

Кара-суулук жаштар бир күн бою китеп окушту (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунда жаштарды китеп окууга чакыруу максатында «Китеп кэмп» аталышындагы бир күндүк лагерь уюштурулду. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Сыймык Саипов билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын максаты — жаштарды китеп окууга кызыктыруу.

«1-август күнү райондогу жаштардын башын бириктирип, бир күндүк лагерь уюштурдук. Жалпысынан 30дай улан-кыздар келип, алар эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 17:30га чейин заманбап гаджеттерден алыс болуп, китеп окушту. Иш-чаранын алкагында атайын оюндар уюштурулуп, белектер тапшырылды», - деди С.Саипов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×