Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Талас облусу, Талас 05.08.2019 09:58

Айыл турмушу: Таластык Э.Борукеева кагаздан гүл жасап сатып, ишкерликти колго алды (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 32 жаштагы тургуну Элмира Борукеева майрамдарда кагаздан гүлдестелерди жасап сатууда. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында төрөлгөн.

«Учурда ар кандай гүлдөрдү жасайм. Жасап жатканыма сентябрда 1 жыл болот. Көбүнчө роза гүлдөрдү жасайм. Кээде буйрутмага жараша жоогазындар жасалат. Эң биринчи гүл жасоону интернеттен көрүп кызыгып калгам. Интернеттен жасалышын үйрөнүп, башында белек катары эле жасап жүрдүм. Бара-бара гүлдөрүмдү көргөндөр өздөрү суранып, буйрутма бере башташты. Ошондон тарта гүлдөрдү үзбөй жасап келе жатам. Башында гүлдөрдүн сыртындагы кутусун дагы сатып алчумун. Сатып алганча жасаганым туура деп, интернеттен көрүп үйрөнүп алдым. Бир чети өзүң каалагандай түстө, каалагандай формада жасалат. Булардын материалдарын көбүнчө Таластан алам. Кээде Бишкектен алдырам.

Гүлдөргө буйрутма көбүнчө 8-мартта болот. Кыздарга, апаларга алышат. Көбүнчө «апа» деген жазуусу бар гүлдөргө буйрутма көп болот. Кээ бир жигиттер апасына жана кайын энесине окшош кылып жасатууга буйрутма беришет. Баалары 500-1000 сомго чейин болот. Сезон, майрам учурунда 10 миң сом киреше табам. Үй шартында жасагандыктан мага кызым жардам берет. Буйрутмалар социалдык тармактар аркылуу да алынат.

Гүлдөргө шашылыш убакта буйрутма берип калгандар болот. Ошондо 3 саатта жасап коём. Кээде түнкү саат 12:00 чамасында буйрутма бергендер болот. Айла жок башка жумуштарымды токтотуп, гүл менен отурам», - деди ал.

Чебер айым 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×