Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 05.08.2019 09:09 На русском

Дөңгөлөк желимдөөчү, диспетчер, программист болуп иштедим: Аманат майыптыгына карабай үй-бүлөсүнө арка-жөлөк болууда. Сүрөт

Turmush -  Каракол шаарынын 27 жаштагы тургуну Аманат Байчубеков тубаса майыптыгына карабай компьютер иштерин өздөштүрүп, элге кызмат кылып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бала кезинен эле шал оорусунан жабыркайт. Кесиби боюнча программист.

«Компьютерге кызыкчу эмесмин. Информатика сабагынан 3 деген баа алчу элем (күлүп). Мектепти аяктап, жогорку окуу жайга тапшырарда психолог болсомбу деп ойлонуп, Бишкекке бардым. Документтерим жетишсиз болуп калып, Караколго келип, Ысык-Көл мамлекеттик университетине барууну чечтим. Адистигимди тандоодо ойлонуп тургам. Программист адистигине абитуриенттерди кабыл алуу бурчунун жанында туруп калыптырмын. Ошол жерден ушул кесипке кызыгып, өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Сырттан окуу бөлүмүндө 6 жыл окудум. Өз алдымча көп изденип, тез өздөштүрүп кеттим», - деди ал.

Окуу келишимдик негизде болгондуктан Аманат каражат таап, окуунун акысын төлөө үчүн иштеп баштаган.

«Мен 18 жашка чыккандан кийин өз жанымды багышым керек да. Ата-энем мага багыт берип, ар дайым колдоп келишти. Аларга жардамым болсун деп окуунун акысын төлөө үчүн дөңгөлөк желимдөөчү (вулканизация) болуп иштедим. Бул менин алгачкы ишмердүүлүгүм эле. Андан соң суткалап таксиде диспетчер болуп иштеп калдым. Кийин адистигим боюнча программисттер менен таанышып, ишти үйрөнүп баштадым. 3 жыл бекер иштеп, бардык программалар менен иштөөнү үйрөндүм. Ошол эле учурда интернет клубдарда иштеп акча тапчумун», - деди ал.

Каарманыбыз ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелсе да өз каалоосун ишке ашыруу үчүн дайыма иштөө менен алек. Ал өзүнөн кийинки бир туугандарына үлгү болуп, ата-энесинин ишенимин актоо үчүн тынымсыз аракетте.

«Мен 4 бир туугандын улуусумун. Төрөлгөндө 6,5 айлык болуп жарык дүйнөгө келиптирмин. «Аябай кичинекей бала болчусуң» деп айтып калышат. Тубаса шал оорусу менен ооругандыктан ата-энем дайыма камкордугуна алып, колдоо көргөзүп чоңойтушту.

Баарына шүгүр айтам. Иштебей отуруп калсам артка кетеримди билем. Дайыма иш менен алектенип, көп адамдар менен таанышып, жашоомду көңүлдүү өткөрүүнү жактырам. Адам каалоосу болсо баарын кыла алат. Туура максат коюу менен адам өз мүмкүнчүлүгүн чектебеши керек. Колумдан келсе жардам берем.

Күнүгө жумушка кечикпей келишим керек. Кардарларга жоопкерчилик менен мамиле кылам. Жашаган жеримден Караколго коомдук транспорт менен каттайм. Бир туугандарым студент болгондуктан аларга акча берип турам. Алардын улуусу болгондуктан мен аларга үлгү болушум керек. Татыктуу жашоону адам өзү тандайт.

Интернет клуб ачсамбы деп ойлондум. Бирок ал жакта өспүрүмдөрдүн психологиясы бузулат. Азыркы оюндар балдарды агрессивдүү кылып салат. Ошол себептүү аны каалабайм. Бул жерде компьютер аркылуу элге кызмат көрсөтөм. Базардын жанында болгондуктан эл көчүрмө кылууга көп келишет. Визиттик карта, слайд-шоу, видеолорду монтаж кылып берем. Кардарларым бир жолу келген соң кайра келе беришет. Акча табууну эле эмес, эл менен мамиле түзүүнү да билүү керек», - деди Аманат мырза.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×