Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 02.08.2019 13:33

Айыл турмушу: Кара-бууралык Э.Чокоева 3 жылдан бери кагаздан гүлдөрдү жасап ишкерлик кылууда (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Аманбаев айылынын 41 жаштагы тургуну Элида Чокоева 3 жылдан бери кагаздан гүлдестелерди жасап сатууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 10 жылдан бери дүкөн иштетет. Жасалган гүлдөрүн дүкөнүндө сатат.

«Кагаздан жана башка кооздуктардан гүлдестелерди жасап калышыма көп нерселер түрткү болгон. Бири майрамдарда гүл сурап келгендер болсо, экинчиси кыз-жигиттер. Бир күнү башка жактык бир жигит жакшы көргөн кызын ушул айылдан жолуктуруп калыптыр. Баягы жигит ал кызды көрө калып, менин дүкөнүмө кирип гүл сурап калды. Жок деп айтсам деле кеткен жок. Айылда менден башка жерде деле гүл сатылбай турганын билип турду. Байкасам ал баланын жүзүнөн нур чачырап, бир нерсеге кудуңдап сүйүнгөндөй. «Гүл болсо сонун болмок» деп айланчыктап кетпей койду. Айтып бергенден кийин «тирүү гүл жок болсо сага кагаздан гүл жасап берейин» деп кыска убакытта бир гүлдесте даярдап бергем. Ошондо түстүү кагаздар бар болчу. Ал рахматын айтып, кызга алып барып берген. Ошондо бирөөнүн жакшылыгына ортоктош болдум деп кубанып калгам. Ошондон тарта эл сурайт экен деп жасап калдым.

Өзгөчө даталуу күндөрдө, майрамдарда буйрутмалар болуп турат. Дүкөнгө коюп коём. Эл билип калган, сатып алып кетишет. Гүл чоңдугуна карата 250-500 сомдон өйдө болот. Материалдарын көбүнчөсү Бишкектен алдыртам. Гофрокагаздар бардык жерде сатылып калгандыктан шашылышта жакынкы саткан жерден алып келем. Гүлдестелерди ушул жерден отуруп алып даярдап коём. Эл майрам күн болбосо деле сувенир катарында сатып алып кетишет. «Апа» деген жазуусу бар гүлдөр көп өтөт. Көбүнчө жаштар алып, «апамдын көңүлүн көтөрүп коеюнчу» дешет. Алар чоң болуп жасалып, убакытты алат. Ошондуктан баасы 500 сомдон өйдөлөп кете берет.

Кызым азырынча кичинекей, бирок гүлдесте жасоого майда-чүйдөсүн кесип жардам бергенди үйрөнүп алган. Кагаздан гүл жасоого балдарыбыздын кызыгуусун арттырып, компьютер, телефондон алыс кылсак болот экен. Түстүү кагаздар менен иштеп, фантазиясы дагы күчтүү болот деп айтышат», - деди ал.

Элида айым 3 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×