Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 02.08.2019 09:28 Жаңыланды: 02.08.2019 13:22

Сүрөт — Жети-Өгүздүн тургундары өтпөй калган өрүктү эмне кылып жатышат?

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылынын тургундары «сары кыздын тою» сезонунда өрүктү калдыксыз иштетүүнү өздөштүрүп жатышат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, аймакта жыл сайын сатыкка жарамдуу өрүктүн саны азайып жатат. Ага мөмө-жемиштин илдети жана жазындагы мөндүр, үшүк себеп болууда.

«Мөндүр тийген өрүктөрдүн товардык көрүнүшү жоголот. Өрүк алуучулар жакшысын тандап алып, далай түшүм сатылбай калууда. Буга чейин сатылбай калган өрүктөн тургундар как даярдап келишкен. Бирок элетте как кургатуучу аппарат жок болгондуктан далай өрүк жерде эле калчу», - дешти тургундар.

Алардын айтымында, бул көйгөйдү чечүү үчүн алар өрүктөн шире жана компот жасап жатышат.

«Өрүк көп болгондуктан баасы арзан болууда. Аймакта өрүктү кайра иштетүүчү ишкана жок. Ошондуктан тургундар өз алдынча андан ар кандай ширелерди жасап жатышат. Мисалы, алгач өрүктү терип, тазалап, аны эзип алабыз. Андан кийин суюгун өзүнчө бөлүп алып кайнатабыз. 5 литр суюктукка 2,5 кг кумшекер кошобуз. Банкаларды даярдап, ага куюп коёбуз. Даяр болгон ширенин 3 литрин 100-120 сомдон сатабыз. Башка айылдагы туугандарыбыз кошулмасы жок жасалган ширени абдан күтүшөт», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×