Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 01.08.2019 15:51

Аким жетим балдарга делген 2,5 гектар жерди менчиктештирип алганбы? Видео

Төлөгөн Жолдошев
Төлөгөн Жолдошев

Turmush -  Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиев Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңир айылында 2,5 гектар айдоо жерди менчиктештирип алган. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Өзгөн районунун Чаңгет айыл өкмөтүнүн тургуну Төлөгөн Жолдошев АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Өзгөн районунун акими Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүн жетектеп турган кезде аталган айыл өкмөткө караштуу Кызыл-Сеңир айылындагы 2,5 гектар айдоо жерди менчиктештирип алган.

«Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиевге өзүнүн иш бөлмөсүнө кирип, Кызыл-Сеңир айылындагы 2,5 гектар жер боюнча айткам. Кийин бирөөлөр аркылуу мени сотко беришти.

Бактыбек Алайчиев 2011-жылдан 2016-жылга чейин Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган. 2,5 гектар жер ата-энесинен ажыраган балдарга бериле турчу жер экен, бирок аны аким менчиктештирип алганы туурабы? Бул иш боюнча облустук прокуратурага кайрылгам. Алар ишти Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгына өткөрүп бердик деп айтышты. Бирок ушул кезге чейин жыйынтык чыга элек.

Ошондой эле Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Прогресс айылындагы 14 гектар жер базар үчүн бөлүнүптүр. Анын 6 гектарын Бишкектеги бир базардын филиалы кылуу үчүн сатып жиберишиптир. Ошондой эле 5 гектар жер 100 чакты адамга сатылып кеткен. Бул боюнча аталган жердеги базардын башчысы айыпталып, жоопкерчиликке тартылган. Ал эми базар башчысы 2013-жылдан 2018-жылга чейин мамлекетке 2 млн сом салык төлөбөй, карыз болуптур.

Чаңгет айыл өкмөтүндөгү Ильяз Жумабаев орто мектебине ашкана куруу үчүн 250 миң сом бөлүнгөн, кийин кошумча 350 миң сом бөлүнгөн. Ал акчалар кайда? Ушул иш боюнча айылдык кеңеш сессияга чогулуп, айыл өкмөт башчыга ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн. Кийин аким сураганда айыл өкмөт башчы акчаларды кайтарып берерин айткан. Ошондуктан мен премьер-министрден Өзгөндөгү көйгөйлөрдү жеринен чечүүнү суранам», - деди Төлөгөн Жолдошев.

Ал эми Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиев 2,5 гектар жери бар экенин жана аны мыйзамдуу түрдө менчикке чыгарганын билдирди.

«Бул адам ушундай чыр киши экен. Ар кимден акча сурап көнүп калыптыр. Ал дайыма администрацияга келип, ар кандай кептерди айтып кетет. 2,5 гектар жерди менчиктештиргеним чын. Аны Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө жер адиси болуп иштеп жүргөндө менчиктештиргем, 2000-жылдар болуш керек. Баары мыйзамдуу. Кийин ал жерди тегиздетип, чуңкурларды толтурдум. Бул боюнча прокуратура, каржы полициясы карап жатат», - деди Б.Алайчиев.

Ал эми Ош облустук прокуратурасынын кызматкери Бегимай Токтогулованын айтымына караганда, аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, материалдар Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×