Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Баткен облусуКадамжай району 30.07.2019 13:52

Кадамжайда 160 тонна мөмө-жемиш сактоого ылайыкталган логистикалык борбор ачылды (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунда кургатылган жана жаңы бышкан мөмө-жемиштерди кайра иштетип, сактоочу борбор ачылды. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Логистикалык борбор Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө ачылды. Борбордо жалпы 160 тонна мөмө-жемиш сактоого мүмкүнчүлүк бар.

«Аны менен катар кургатылган жана жаңы бышкан мөмө-жемиштерди эл аралык стандартка ылайыкташтырып иштетип, экспортко даярдоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Аталган борбор облустук, райондук жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн колдоосу жана эл аралык уюмдардын жардамы менен жеке ишкер тарабынан ачылган», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×