Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 30.07.2019 08:51 На русском

Тоң районунда улуттук оюндар көрсөтүлгөн фестиваль өттү

Turmush -  Тоң районунда салбурун фестивалы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, жалпы 300дөй адам катышкан фестивалга чет өлкөлүк жана кыргызстандык туристтер күбө болушту. Алар үчүн бүркүт салуу, ителги салуу, жаа атуу өңдүү бир катар улуттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Тоң районунун акими Данияр Арпачиев келгендерди куттуктап, катышуучуларга ыраазычылык билдирди. Жергиликтүү өнөрпоздор концерттик программа тартуулашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×