Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Нарын облусу, Нарын 30.07.2019 08:19 На русском

15 млн рублга жасалган дарбаза: Темир уста А.Арзыгуловду таң калтырган миллиардер. Сүрөт

Turmush -  Нарын шаарынын 26 жаштагы тургуну Акылбек Арзыгулов 10 жылдан бери устачылык менен алектенип келе жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча дене тарбия мугалими.

«Шаарыбыздагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебинде 9-класска чейин окудум. Андан кийин Нарын педагогикалык колледжинин дене тарбия факультетинен билим алдым. 2009-жылы Бишкек шаарына жумуш издеп барып, менчик ишканалардын биринде дарбазалардын темир оймо-чиймелерин жасап иштеп калдым. 2012-жылы Россиянын Санкт-Петербург шаарына аттандым. Ал жактан желим терезелерди чыгаруучу ишканага кирдим. Бирок жарым жыл эмгектенген соң ишкана жабылып калып, дарбазаларды чыгаруучу ишканага жумушка орноштум. Ал жерде дарбазаларды, тосмолорду кооздоп иштедим. Эң эле эсимде калганы — кесиптештерим менен миллиардерлердин бирине 15 млн рублга (азыркы баа менен 237 миң 605 доллар) дарбаза жасаганбыз. Нарындагы эң кымбат жасаган дарбазалары 20 миң сомдон жогору болот.

Россияда бир буйрутма экинчи буйрутмага такыр окшобойт. Ар бир жумушчу өзүнүн ишин мыкты аткарып, идеяларын жаңыртып турушат. Учурда ал ишкананын жетекчиси мени кайрадан жумушка чакырып жатат. Бирок азыркы тапта өз өлкөмдө буйрутмаларды алып, кардарлардын табитиндегидей дарбаза, тосмолорду жасап киреше таап жатам. Аны менен бирге досторумдун сунушу менен темирден роза гүлдөрдү жасап баштадым. Жумушум майда, түйшүктүү болсо дагы ар бир идеяны жаратуудан ырахат алам», - деди ал.

Темир уста жубайы Акылай Бекчоро кызы менен 2 жыл мурда баш кошкон. Экөө 1 кызды чоңойтуп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×