Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 29.07.2019 09:19

Нарын шаарында аскер ардагерлери англис тилин үйрөнүштү

Turmush -  Нарын шаарында эс алууда жүргөн аскер ардагерлери англис тили боюнча 4 айлык курсту окуп бүткөрүштү.

Маалым болгондой, «Эс алууда жүргөн аскер ардагерлерин социалдык адаптациялоо» долбоору аркылуу 15 адам англис тилинин башталгыч 4 айлык курсунан өтүштү. Мындай саамалык чет элдик уюмдардын колдоосу менен Нарын шаарында алгачкы жолу өткөрүлдү. Алар атайын иштелип чыккан 400 сааттык программанын негизинде апрель жана июль айларынын аралыгында бекер сабак алышты. Жыйынтыктоочу жыйында долбоордун өкүлдөрү бүтүрүүчүлөргө сертификаттарды тапшырышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×