Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 28.07.2019 10:06

Кочкордо «Көк жайыкта китеп окуу» иш-чарасы өткөрүлүүдө

Turmush -  Кочкор районундагы Кара-Күңгөй айылдык китепканасында «Көк жайыкта китеп окуу» иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор райондук Исабек Исаков атындагы борборлоштурулган маалыматтык китепкананын директору Анара Бекчороева билдирди.

Белгилүү болгондой, Кочкор районундагы №23 Кара-Күңгөй айылдык китепканасынын башчысы Тилек Осмоналиеванын демилгеси менен «Көк жайыкта китеп окуу» иш-чарасы жаш окурмандарды китеп окууга кызыктыруу, мектеп окуучуларын жайкы эс алуу учурун туура пайдаланууга үйрөтүү максатында уюштурулду.

«Иш-чарада жаш окурмандар окуган китептерин бири-бири менен талкуулашып, китепке болгон кызыгуусун арттырды. Мындай саамалыктар Кочкор райондук Исабек Исаков атындагы маалыматтык китепкананын айыл жериндеги китепканаларында өткөрүлөт», - дейт Кочкор райондук И.Исаков атындагы борборлоштурулган маалыматтык китепкананын директору Анара Бекчороева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×