Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Талас облусуТалас району 25.07.2019 17:15 Жаңыланды: 24.08.2019 13:33 На русском

«Өзүм дагы жалгыз баламын, эркек төрөсөң экен»: 40 жаштагы Замира айым 7 кыздын апасы. Сүрөт

Turmush -  Талас районуна караштуу Көк-Кашат айылынын 40 жаштагы тургуну Замира Качкынова 7 кыздын апасы. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы андан кабар алды.

Анын айтымында, Талас районуна караштуу Калба айылында төрөлгөн. Жолдошу Уланбек Ормонбековго 1998-жылы февраль айында турмушка чыккан.

«Ушул айылда жакын эжем жашайт. Жолдошум менен ошол киши аркылуу таанышкам. Биз үйлөнгөн күнү кычыраган кыш болуп, бороон уруп, тизеге чейин кар жааган. «Сени мындан кийин Боронгүл деп айтабыз» деп тамашалашкан эле (күлүп). Тагдырыбыз бир экен, турмуш жолунда балдар деп жашап келе жатабыз.

Мен алты (3 кыз, 3 уул) бир туугандын үчүнчүсүмүн. Жолдошум алты (1 уул, 5 кыз) бир туугандын бешинчиси. Жаштайымдан көп балалуу болсок деп деле кыялданбаптырмын. Азыркы кыздардай болуп мынча балалуу болсом же мындай үйдө жашасам деп ойлобоптурмун дагы (күлүп). Кудайдын кулагы сүйүнсүн, 7 кызым бар. Ушуларга кудай бак берсин деп отурам. Бир жерге документ тапшырганга барганда кыздарымдын туулган жылдарын сурашат. Улуусу менен кичүүсүнүн жылдарын шыр айтам. Калганын ойлонуп калам. Ошондо «2 жаштан кемитип жаза бериңизчи» деп тамашалап калам. Аралыктары 2 жаштан.

Улууларынын аттарын кайын атам менен кайын энем койгон. Биз бирөөсүнө дагы ысымын тандаган жокпуз. Кичүүлөрүнө ысымдарын ар ким ыйгарды. Кыздарымдын асты чоңоюп, кол кабыш кылып, жардамга жарап калышты. Тамакты дагы бышырып, кир жууп, жумуштун баарын жасашат. Жолдошум курулушта иштейт. Кыздар элден кем болбосун, элдин көзүн карап калбасын деп эртеден кечке иштеп, баарыбызды багат. Илгертеден кыз төрөлсө 40 жылкым бар деп коюшчу. Жолдошумдун достору тамашалап, «Сенин кыздарыңа мурункудай жылкы эмес, «Волга» бериш керек. Сенин 7 «Волгаң» бар деп калышат.

«Баатыр эне» наамын 2015-жылы алдым. Мени айыл өкмөттөн «Таластагы музыкалык мектепке концертке келип калыңыз» деп чакырышкан. Барсам эл көп, бул айылдан баатыр эне болгон чоң апаларыбыз дагы бар экен. Алар мени көрүп, «сен эмнеге келдиң эле?» деп сурашканынан «билбейм, чакырышкан болчу» деп өзүмдү ыңгайсыз сезип калдым. Концерт бүтүп, сыйлыкты тапшыруу аземи болуп калды. Ошондо менин фамилиям аталса түш көргөндөй болуп тургам. Күтүүсүздөн болуп, жүрөгүм элжиреп, денем калтырап, бир чети кубандым. Көрсө айыл өкмөттөгү эжелер, чоң апалар күтүүсүз белек кылалы деп сыйлык тууралуу эч нерсе айтышкан эмес экен. Ошондо 20 жылдыгым дагы болуп, кош майрамды белгилегем.

Ар бир эркек аркасынан туяк калсын дейт экен. Экинчи кызым төрөлгөндө жолдошум «өзүм дагы жалгыз баламын, эркек төрөсөң экен» дей берчү. «Колумдан келсе жасап алат элем» деп койчумун. Үчүнчү кызымды кыйналып төрөдүм, 1 жума баспай жатып калгам. Ошондон кийин «баары кудайдан экен» деп айтпай калды. Азыр кичүү кызын жумушка бара жатканда, келгенде «чарчаганымды баскан дарым» деп жыттап турат. Эң кенже кызыбызга 1,5 ай болду. Жалпы 9 балабыз болмок. 2003-жылы төрөлгөн кызыбыз 1,5 жашында, 2016-жылы төрөлгөн Байхан аттуу уулубуз 2 жашка чыгарында чарчап калды. Жолдошум эркек балалуу болгондо сүйүнгөн. Бирок кудай берип, кайра алып койду. Кичүү кызым боюмда болгондо кыздарым «Байханды алып келесиз ээ» деп уул бала күтүштү. Төрөп келгенде «эмнеге эркек төрөгөн жоксуз, атын Байхан коймокпуз» деп тултуңдап жүрүштү.

Унааларга түшүп калганда дагы айылдагылар «бул кайсы кызың эле, канчанчы кызың эле, кайсынысы?» деп сурашат. «Коюңуздарчы, 10дон ашык кызым болгонсуп, санын билбей калдыңыздарбы? Сиздер дагы көп кыздуу болуңуздар» деп калам (күлүп).

Улуу кызым окуусун бүтүп жатат. Буйруса шаарда жол кыймылын камсыздоочу болуп иштеп калат. Калгандары «дарыгер, дизайнер, милиционер болобуз» дешет. Январь жана сентябрдан башка айларда туулган күн өткөрөбүз. Көп бир тууган болгондор боорукер болушат. Булар дагы бири-бирине жардамдашып турушат. Бири-бирин көрүп, бири-биринин кийимин кийип чоңоюп жатышат. Кызыктуу окуялар да көп болот.

Бир күнү бир тууган акем келип калды. Эшиктин алдында жүргөн кыздарым «таякем келди» деп чуулдашып, учурашып жатышкан экен. Ошол учурда үйдө коңшу кыздар дагы жүрүшкөн. Алар деле менин кыздарым менен кошо учураша беришиптир. Агам болсо «учурашып бүттүкпү же бүтө элексиңерби, башым айланып калды» деп тамашага салып жатыптыр. Мен «санай албай калдыңызбы» десем, «чыгып эле учурашып жатышат, түгөнбөй койду» деп күлгөн.

Балдарым деп жүрүп таңдын атканын, күндүн батканын билбей калам. Жакын адамдарым «төрөбөй эле койчу, ден соолук кереги жокпу?» деп калышчу. Андан көрө кудай берерин унутпасын.
Ар биринин кичинекейинде кылык-жоруктарына күлүп, чоңойгондо колумдагы жумушумду жеңилдеткенин көрүп сүйүнүп отурам. Кыздар карамдуу, боорукер. Ар биринин мүнөзү ар кандай. Жоошу, орою, бышыгы, ак көңүлү бар. Бирок баары улуулардын айтканын угуп, тилин угат.

Үй-бүлөдө бир бала болсо же 5 бала бала болсо деле ошондой тамак-аш кетет. Мисалы, бир балалуу болсок анын көзүн карап, көптөгөн нерсени ал үчүн жыйып коёбуз. Ошол жыйып койгонду 5 балага бөлүп жеткирип койсо да болот. 5 балага алып бере турган нерсени 1 балалуулар 1 күндө эле алып берип коёт. Ар бир бала ырыскысы менен чоңоёт», - деди ал.

Замира айымдын кыздары:

- Сааданбекова Алтынай 1998-жылы төрөлгөн;

- Сааданбекова Адина 2001-жылы төрөлгөн;

- Сааданбекова Мырзайым 2005-жылы төрөлгөн;

- Сааданбекова Эллада 2007-жылы төрөлгөн;

- Сааданбекова Жаңылай 2011-жылы төрөлгөн;

- Сааданбекова Айтен 2013-жылы төрөлгөн;

- Сааданбекова Дария 2019-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

11.06.2019«Ата, апамды эркек төрөтүп келиңизчи»: Трактористтин 44 жаштагы жубайы Зулфия айым 9 кыз, 2 уулдун апасы. Сүрөт
20.05.20199 бала, 1 бөлмө үй, туугандардын балдарын да багуу: А.Камбарбекова коомдук унаага түшкөндө балдарын көргөндөр таң калышат. Сүрөт
20.06.2019Эркек төрөптүр деп таарынган кыз: 8 баланын апасы А.Эркалиева жолдошу экөөлөп үй куруп жатат. Сүрөт
28.06.2019«Эми кыз төрөсөңүз албайм дагы, бакпайм дагы»: 7 кыздын апасы К.Алымбаева сегизинчи наристесин күтүп жатат. Сүрөт
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×