Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 23.07.2019 17:00 На русском

Ошто көпүрөнүн астында каза болгон кишинин өздүгү аныкталды

Turmush -  Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү жаңы көпүрөнүн астында каза болгон эркек киши Кара-Кулжа районунун 31 жаштагы тургуну болгон. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, кечээ, 22-июль күнү кечки саат 20:50 чамасында Ош шаардык ооруканасынын тез жардам кызматына шаардагы көпүрөнүн астында 30-35 жаштардагы, азиат түспөлүндөгү адам жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Ош ШИИБдин ыкчам тергөө тобу дагы барган. Каза болгон адам Кара-Кулжа районунун 1988-жылы туулган тургуну К.М. экендиги аныкталды. Анын денесинде эч кандай жаракат болгон эмес.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, маркумдун эмнеден улам каза болгондугу аныкталууда.

----------------------------------------------

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү жаңы көпүрөнүн астында мас абалдагы эркек киши каза болгонун жазган.

Күбөлөрдүн бири Топчубек Болотбек уулунун айтымында, көпүрөнүн астында соода кылган соодагерлер жана таксисттер мас абалда жаткан адамга жардам беришкен эмес. Себеби каза болгон адам көптөн бери көпүрөнүн астына мас болуп келип, кыйкырып, ал жердегилердин тынчын алып жүргөн.

«Кечээ саат 17:00 чамасында каза болгон адам бул жерге мас абалда келип, кыйкырып, биздин тынчыбызды алган. Кийин ал көрүнбөй калды. Көрсө алыс эмес жерге барып, уктап калган экен. 1 саат убакыт өткөндөн кийин ал жердеги таксисттер үстүнө кагаз куту (коробка) жаап коюшуптур. Кечки саат 20:30 чамасында милиция кызматкерлери топтолуп, тез жардам чакыртышты. Тез жардамдын унаасы 1 сааттан кийин келип, бирок жерде жаткан кишини алып кетишкен эмес. Көрсө маркум тез жардам келгенге чейин эле каза болуп калыптыр. Андан кийин милиция кызматкерлери маркумду чиркегичи бар унаага салып кетишти», - деген Топчубек.

Ош шаардык ооруканасынын тез жардам кызматынын маалыматына караганда, көпүрөнүн астында каза болгон адам тууралуу маалымат кечки саат 20:29да түшкөн жана тез жардам кызматынын унаасы окуя болгон жерге саат 20:31де чыгып кеткен. Тез жардам кызматынын дарыгерлери денеге жарым саат кароо жүргүзүшүп, биологиялык өлүм болгонун айтышкан.

«Эч кандай кечигүү болгон эмес. Учурда шаарда тыгын көп болгондуктан тез жардам кызматынын унаалары кармалып жатат», - деп билдиришкен ооруканадан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×