Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 21.07.2019 10:49 На русском

Сүрөт — Ысык-Көлдө бир суткада 13 мас айдоочу кармалды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагында туристтик мезгил учурунда ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Облустук ЖККК бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын майору Э.Жакыповдун айтымында, бир сутка ичинде 20-июль күнү жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган 350 айдоочуга протокол түзүлгөн, анын ичинен 13 айдоочу мас абалда болгон.

Мас абалдагы айдоочулардын үчөө унаасына жасалма номур тагып айдап жүргөндөрү аныкталды. Ошондой эле терезесин караңгылатып, жасалма номурларды тагып жүргөн 5 айдоочу кармалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×