Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 20.07.2019 15:50 На русском

Өлүм менен аяктаган чыр: Нуржигиттин тоңуп калган денеси тоодон табылган

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Токтогул райондук соту радиорелейлик станциянын аймагында адамдын каза болушу боюнча козголгон кылмыш иштин материалын карап чыкты.

Айыпталуучу — Токтогул районунун 1985-жылы туулган тургуну Нурбек [Н.Д аты өзгөртүлдү], ажырашкан, орто кесиптик билимге ээ. Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун 2017-жылдын 21-сентябрындагы чечими менен КРнын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакциясы) 104-беренесинин 1-бөлүмү («Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү») менен күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот анда жазалоону 2 жылдык мөөнөт менен шарттуу деп эсептөөнү чечкен.

Бул жолу ага Кылмыш-жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пункту («Киши өлтүрүү») менен айып тагылган. Айыпталуучу 2018-жылдын 11-декабрынан тарта камакта.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Нурбек 2018-жылдын 7-декабрында саат 14:00 чамасында Токтогул районунун Бел-Алды айылынын Көк-Домпок участкасындагы тоонун үстүндө жайгашкан республикалык өндүрүштүк бирикме радиорелейлик магистралдарынын телерадио берүү борборунун райондук РРС-20 станциясынын имаратынын ичинде ошол станцияда иштеп жаткан Бактыгул [аты өзгөртүлдү М.Б.] жана Нуржигит [аты өзгөртүлдү Н.Ө] менен спирт ичимдигин ичип отурушкан. Ал жерден Нурбек менен Нуржигит өз ара пикир келишпестиктен улам урушуп кетишип, акыркынын бети-башына бир нече жолу уруп-тээп, денесине жаракат келтирген. Натыйжада Нуржигит алган жаракатынан улам талаада жатып каза болуп калган.

Соттук отурумда айыпталуучу Нурбек угузулган айыбы боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна албай, 2018-жылдын 6-декабрь күнү саат 09:00 чамасында агасы үй-бүлөсү менен чогуу жетиликке барабыз деп, Сары-Сөгөт айылына кетишкенин, ал агасынын үйүндө жалгыз калганын билдирген. Анын айтымында, агасы жеткирүүчү (проводник) болуп иштейт. Мындан улам ал саат 10:00 чамасында уюлдук компаниялардын биринде иштеген адамдарга телефон чалып: «агам Жамилдин (Ж.А. аты өзгөртүлдү) колу бошобой калды, силерди телемунарага алып барып келе албайт, дүйшөмбүдөн кийин бошоп калат» деп айткан. Бирок уюлдук компаниянын өкүлдөрү дүйшөмбүгө чейин күтө алышпай тургандыгын айтып, сүйлөшүү үчүн Нурбекке барышарын айтышкан. Саат 14:00 чамаларында алар «Фольксваген Гольф» үлгүсүндөгү унаа менен келип, өздөрүн Рустам жана Владимир деп тааныштырышкан. Аларга Нурбек агасы эртең дагы бошобой турганын айткан, алар башка проводник таап берүүнү өтүнүп, акчасын төлөп беришерин айтышкан. Нурбек ойлонуп, телемунарага аларды өзү алып барып келе аларын билдирип, алар акысын 5000 сом деп макулдашкан. Рустам менен Владимир жүктөрүн таштап, эртеси эртең менен кайра келишерин билдиришкен.

Кийинки күнү Рустам жана Владимир саат 08:00 чамасында келишип, Нурбек кошунасы Жапыдан коноктор үчүн эки ат сураган, өзүнүн аты даяр болчу. Үчөө аттарга минип алышып, саат 09:00 чамасында телемунараны көздөй жөнөп, ал жерге саат 12:30 чамасында жетишкен. Ал жерде Бактыгул жана Нуржигит болгон. Алар ошол жерден жүктөрүн түшүрүп, уюлдук компаниянын буткасынын жанына коюп, сумкасындагы үч бөтөлкө аракты, үч ширени алып, телемунаранын имартынын ичине кирип тамактанып, арак ичип отурушкан. Алардан Рустам гана ичкен эмес. Нурбектин айтымында, Владимир үч 3 стакан арак ичкенден кийин «болду биз иштешибиз керек» деп чыгып кеткен. Ал жерде Нурбек, Бактыгул жана Нуржигит калып, андан ары арак ичип отурушкан. Саат 16:00 чамасында Бактыгул уктоочу бөлмөгө барып, керебетке жатып алган. Ал эми Нурбек менен Нуржигиттин ортосунда кайым айтышуу орун алган.

Айыпталуучунун айтымында, Нуржигит мурда телемунарада иштеп кеткен анын бир тууган агалары Алмаз менен Жалалды жамандап, «сен дагы ошолордойсуң» деп ага асылган. Нурбек ага «коюңуз, тынчыраак кетейин» десе, жабырлануучу аны ийининен кармап алган, ошондо ал «кармаба мени» деп колун шилтеп жибергенде жабырлануучунун мурдуна тийип, мурду канап кеткен. Нуржигит колу менен мурдун сүртүп, ого бетер жинденип баштаган. Ошол учурда Нурбек ордунан туруп, Бакыгул уктап жаткан бөлмөгө барган. Бактыгул ойгонуп, чоочуп кеткен. Нурбектин аркасынан Нуржигит кирген. Бактыгул мурду канаган Нуржигитти көрүп, эч нерсе сурабастан Нурбекке асылып баштаган.

Нурбек аны түртүп жибергенде Бактыгул керебетке кулап калган. Кайра турайын деп жатканда дагы 2-3 муштум жеген. Нурбектин айтымында, ал Бактыгулду ордунан тургузуп, окуяны түшүндүрүүгө аракет кылган. Бирок ал аны согуп жиберген. Бул убакта Нуржигит аларды четте карап турган.

Нурбектин айтымында, андан ары жаңжал Нуржигит менен Бактыгулдун ортосунда башталган. Бактыгул Нурбекке карап: «Жогол бул жерден!» деп айткан. Бактыгул дагы ага ошентип айтып, жыйынтыгында Нуржигит эшикке чыгып кеткен. Ал жарым саат Бактыгул менен сүйлөшүп, жаңжалдын себебин түшүндүрүүгө аракет кылган. Ал имараттан чыкканда күн батып калган, ал уюлдук компаниянын өкүлдөрүнө келип, үйүнө кайтып жаткандыгын билдирген. Сүйлөшүп жатанда ал аттардын бири жок экенин байкаган, ал эми Владимир жана Рустам бир адам атка отуруп, чаптырып кеткенин, алар аны Нурбек экен деп ойлошконун айтышкан.

Нурбек ылдый жакты караса, төш тарапта аты оттоп жүргөнүн көргөн, кайрадан дүрбү салып караса, аттын жанында Нуржигит алар жакты карап отурган. Ал атты минип, бирин айдап, Нуржигиттин жанына барган. Анын спорт кийимчен, жылаң баш олтурганын көрүп, «үшүп каласыз, жеткирип коёюн» десе, «сенин жардамыңдын кереги жок, кете бер» деп болбой койгон. Анын «ачууга алдырбаңыз, атка олтуруңуз» дегенине карабай, өзүм жетип алам деп болбой койгондо Нурбек эки атты айдап, бир атты минип ылдый көздөй, Шай участогундагы үйүнө кеткен. Саат 20:30 чамасында үйүнө келип, Владимир менен Рустамга телефон чалган. Алар Бактыгул имаратта экенин, ал эми Нуржигит келе элек экенин айтышкан.

Эртеси эртең менен ойгонгондон кийин саат 09:00 чамасында Нурбек кайра уюлдук оператордун кызматкерлерине телефон чалып сураганда алар Нуржигит келгенин айтышкан. Бир саат өткөндөн кийин Нурбекке агасы Жалал чалып, Нуржигит жоголгонун айткан. Нурбек кайра Владимир менен Рустамга телефон чалып тактаганда алар Нуржигитти Бактыгул менен алмаштырып алышканын айтышкан.

Нурбек кошунасына чалып, экөө ат менен телемунарага жөнөшкөн. Нурбек жолдон бара жатып, Нуржигитти акыркы жолу көргөн жерге токтогон, бирок ал жерде жок болчу. Алар анын изинин арты менен барып, анын 70-80 метр аралык өткөндөн кийин төмөн жактан Нуржигиттин капталынан жатканын көрүшкөн. Ошол эле замат алар Бактыгулга чалып: «Нуржигит сайда кыймылдабай жатат» деп айтышкан. Көп өтпөй алар компаниянын кызматкерлери болуп төртөө келишкен. Алар чогуу ылдый түшүп, Нуржигиттин жанына барышса, анын денеси муздап, тоңуп калганын көрүшкөн. Алар кар өтө калың болгондуктан, жабырлануучунун жансыз денесин
жуурканга ороп, кээ бир жерден сүйрөп, төртөөлөп жатып араң өйдө көздөй жолго алып чыгышкан. Бактыгул бул туурасында телемунаранын башчысы Калыбекке кабар берген.

Нурбек Нуржигитти өлтүрбөгөнүн алар жаңжалдаша кеткенде бир жолу чаап, бир жолу тепкенин айтып, Нуржигит мас абалда болгондуктан телемунарага кайра жетпей, тоңуп каза болгонун айткан.
_________________________________________________________

Нуржигиттин агасынын айтымында, иниси телемунарада электр куроочу болуп 2007-жылдан бери иштеп келген. Нуржигиттин жоголгону тууралуу ага 8-декабрда айтышкан. Алар бир туугандарга телефон чалып, сурап чыгышкан. Жубайы Нуржигит келбегендигин айткан. Алар унаа менен чыгалы деп жатканда кайра телефон чалышып, Нуржигит тоңуп, каза болгонун билдиришкен. Бирок Нуржигиттин агасы бул тууралуу ата-энесине айтпастан телемунарага барууну чечкен.

Кийинчерээк ал атасына телефон чалып, баарын түшүндүргөн. Нуржигиттин денесин айылга саат 22:00 чамасында алып келишип, кароо учурунда денесинен көкала тактарды, канталаган жерлерди көрүшүп, Нуржигитти сабашкан деп ойлогон. Ал соттон соттолуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну суранган.
_________________________________________________________

Нуржигиттин жубайынын айтымында, алар 2000-жылдан бери бирге түтүн булатып, 4 баланы тарбиялап келишкен, балдары мектептин окуучулары. Акыркы жолу жолдошун 2-ноябрда көргөн, анда Нуржигит сумкасын көтөрүп, телемунарага кеткен. Ошол убактан бери алар бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөшкөн. Бирок 7-декабрда анын телефону өчүк болгон. Ал дагы соттон айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну суранган.

_________________________________________________________

Сотто Бактыгул дагы көрсөтмө берген. Анда ал РРС-20 телемунарада 2007-жылдан бери 2018-жылдын 14-декабрына чейин иштегенин, анын милдети жабдыктарды жана Бишкек менен байланышка чыгуу иштерин көзөмөлдөө экенин айткан. 26-ноябрда уюлдук оператордун өкүлдөрү иш жүргүзө тургандыгы боюнча телефонограмма түшкөн.

Бактыгулдун айтымында, декабрдын башында компаниянын өкүлдөрү телефон чалып, жакында бара тургандыктарын, аларга ким жол көрсөтүүчү болуп берерин сурашкан. Ал Жалал жол көрсөтүп барарын айтып, анын номурун берген. 6-декабрда ага Рустам чалып, 7-декабрда телемунарага барышарын айтышкан. Ал эмне ала барайын деп сураганда Бактыгул Нуржигит менен кеңешип, бир бөтөлкө арак ала келишин өтүнгөн. Бирок саат 13:30 чамасында Нурбек жана компаниянын эки өкүлү ат менен келген. Алар жабыдыктарды чыгарып, андан кийин түштөнүүгө барышкан.

Бактыгулдун айтымында, ал керектүү инструкцияларды көрсөтүп, компаниянын өкүлдөрү журналга кол коюшуп, кызматкерлер кеткенден кийин үчөө спирт ичимдик ичип отурушкан. Ал мас болуп калгандыктан барып жатып алган. Бир нече убакыттан кийин аны Нурбек ойготкон, андан соң бети-башы кан болгон Нуржигит келген.

Бактыгулдун айтымында, ал Нурбектен эмне болгонун сурганда ал аны керебетке түртүп жиберген. Кайра турууга аракет кылганда Нурбек кайра түртүп, башына соккон. Бактыгул кулап, эс-учун жоготуп койгон.

Саат 19:00 чамасында аны компаниянын өкүлдөрү ойготууга аракет кылышкан. Башы катуу ооруп калгандыктан турган эмес. Кечки саат 21:00 туруп, алардан Нуржигит менен Нурбек кайда экенин сураган. Алар ат менен төмөн түшүшкөнүн айтышкан. Ал телефон чалууга аракет кылган, бирок эч ким жооп берген эмес. Бактыгул Нуржигиттин жоголгонун кийинки күнү эртең менен уккан.

Бактыгул тергөө иштеринин жүрүшүндө ал ооруканада болгондугун жана ага Нурбектин агалары келип, кысым көрсөтүшкөнүн билдирген.

_________________________________________________________

Бул окуя болгондон кийин телемунаранын бардык кызматкерлери жумуштан бошотулган.

Иштин материалын карап чыгып, Токтогул райондук соту Нурбектин аракеттеринде КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пункту боюнча кылмыштын белгилери жок деп эсептеп, кылмыш ишин КРын Кылмыш-жазык кодексинин 138-беренесинин 1-пунктунун 3-бөлүмүнө («Ден соолукка оор зыян келтирүү») кайра квалификациялаган.

Соттун чечими менен Нурбек КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылган. КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 79-беренесинин негизинде, Нурбекти мурдагы өкүм боюнча өтөп бүтө элек жазасынан жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло өтөө үчүн 9 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн пайдасына айыпталуучу Нурбектен материалдык чыгымдар үчүн жалпы 279 190 сом жана моралдык чыгымды компенсациялоо үчүн 200 000 сом өндүрүү каралган. Мындай чечим 2019-жылдын 6-июлунда кабыл алынган. Тараптар 30 күндүн ичинде доо арыз жаза алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×