Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баткен облусу, Кадамжай 19.07.2019 18:06

Баткенде уурулук жасаган жигит Кара-Балтадан кармалды

Turmush -  Кадамжай шаарында уурулук жасаган жигит Кара-Балта шаарынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Баткен ОИИБ басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, марттын аягында Кадамжай шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн 14690 сомдук тыңшагычын (наушник), «Айфон» үлгүсүндөгү 26250 сомдук телефонун жана кийим-кечелерин уурдатканын билдирген. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү Ош облусунун Өзгөн районунун 24 жаштагы тургуну Б. уулу Ж. экендиги такталган.

Аны тергөөгө алып келүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан издөө жарыяланган. Кадамжай РИИБдин жана Жайыл РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлеринин биргеликте жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында шектүүнү Кара-Балта шаарынан кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишти. Ал 17-июль күнү Кадамжай РИИБге алынып келген.

Аталган жигиттин Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат райондорунда, Ош шаарында да кылмыш иштери аныкталып, тиешелүү материалдар алынды. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгерде сүрөттөгү жигиттин үстүнөн арыздануучулар болсо 03655 50229, 0778 550 229 номурларына кабарласа болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×