Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 19.07.2019 17:30

Кызыл-Кыя шаарында 1 тоннадан ашык кара куурай өрттөлдү

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында 1 тонна 200 кг кара куурай өрттөлүп жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаарда «МАК-2019» иш-чарасы өтүп жатат. Анын алкагында Кызыл-Кыя шаарына караштуу Ак-Булак айыл аймагындагы ээн талааларда, ошондой эле арыктын жээктеринде өскөн жапайы кара куурай Кызыл-Кыя ШИИБдин милиция кызматкерлери жана жергиликтүү мэриянын өкүлдөрү менен биргеликте орулду. Жыйынтыгында 1 тонна 200 кг кара куурай өрттөлүп жок кылынды.

Ушундай иш-чараны Баткен районунун Кара-Бак аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери да өткөрдү. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте жалпысынан 1 гектар жерден 800 кг жапайы кара куурай жок кылынган.

«МАК-2019» иш-чарасы октябрь айларына чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×