Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусу, Ош 19.07.2019 14:10 На русском

Бир айлык кызын сатуу үчүн кардар издеген атанын окуясы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Өзгөндүк ата бир айлык кызын 30 миң сомго баалап жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, 15-июль күнү Ош шаарында Өзгөн районунун 1997-жылы туулган тургуну А.А. бир айлык кызын 30 миң сомго сатып жаткан жеринен кармалган. Ал эми ымыркай учурда Ош шаардык реабилитациялык борборго жайгаштырылганын Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тастыктады. Ымыркайдын документтери жок.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ымыркайдын ата-энеси жарандык никеде жашап жүргөн.

Ош облустук төрөт үйүнүн маалыматына караганда, аталган ымыркай 25-июнь күнү саат 09:30да төрөлгөн.

«Апасынын документи жок экен. Ооруканадан чыгарда Кызыл-Кыя шаарынан жашагандыгы тууралуу документтери жоголуп кеткени боюнча маалым кат алып келип, эжеси менен чыгып кеткен. Бир жумадан кийин да ооруканага келип, баласынын абалын текшертип кеткен», - деп билдиришти ооруканадан.

Ош ШИИБден маалымдалгандай, 15-июль күнү Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө Манас-Ата кичи районунда жашы 25-30 чамасындагы, азиат түспөлүндөгү белгисиз адам ымыркай сатуу үчүн кардар издеп жатканы боюнча маалымат келип түшкөн.

Аталган маалыматтын негизинде Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу чыгып, 1997-жылы туулган А.А. аттуу жигитти 1 айлык кызды башка бирөөгө 30 миң сомго сатып жаткан жеринен кармашкан. Кыздын апасы Кызыл-Кыя шаарынын 1995-жылы туулган тургуну болгон.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 171-беренеси (кишини соодалоо) боюнча каттоого алынып, аталган жигиттин баш коргоо чарасын кароо үчүн иш Ош шаардык сотуна жөнөтүлгөн. Ош шаардык соту аны 2 айга үй камагына чыгарган.

Ош шаардык сотунан билдиргендей, шектүү А.А. 17-июль күнү Ош шаардык сотунун санкциясы менен 2 айга үй камагына чыгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×