Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 27.07.2019 13:29 На русском

Олобо кантип жасалат? Сүрөт

Turmush -  Кыргыз элинин улуттук тамак-ашынын катарын олобо да толуктайт. Аймактык кабарчыга Ат-Башы районунун тургуну олобонун жасалышын айтып берди.

- Түндүк тарапта олобо деп айтылат. Түштүк диалектинде башкача да аталышы мүмкүн. Бул тамак улуттук тамактардын бири. Олобо жасоого козу же койдун өпкөсү, сүт, сары май жана туз керек. Эң биринчи өпкөгө 3 ирет жылуу суу куюп, ичин тазалап алуу керек. Сүттү ысытып, ага туз жана сары майды кошкондон кийин жакшылап аралаштырып, өпкөгө куюп баштайт.

Өпкөнү улам үйлөп кеңейтип турса сүт көп куюлат. Сүт куюлуп бүткөндөн кийин кекиртегине эт салып, жип менен бууйбуз. Эгерге өпкөгө аз сүт куйса, олобонун даамы жана формасы жакшы болбой калат. Өпкөгө сүт куюп жана бышырып жатканда абайлап кармоо зарыл. Тешилип кетсе, сүт агып жараксыз болуп калышы мүмкүн.

Эгерде өпкөнү бир аз тешип алсаңыз, анда сүт чыккан жерин чокко ысытылган кычкач менен басуу сунушталат. Мындан сырткары сүткө аз өлчөмдө калемпир салса тешик жерге барып такалып, сүт чыкпай калат.

Козунун өпкөсүнө 10 литр сүт керектелет. Чоң койдун өпкөсүнө 10 литрден ашык сүт керектелет. Олобону муздатып жегенде даамдуу болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×