Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Баткен облусу, Кадамжай 19.07.2019 10:29

Кадамжай өнүгүү жолунда: Түнкү чырактар орнотулуп, жолдор асфальтталып, көрүстөн иретке келтирилди

Turmush -  Кадамжай районунда алгылыктуу жумуштар аткарылып жатат. Бул тууралуу шаардын мэри Бакытбек Бегалиев билдирди.

Анын айтымында, мурункуга караганда шаардын социалдык-экономикалык абалы жогорулап, ички көчөлөргө асфальт төшөлүп, көчөлөргө электр тогун үнөмдөй турган түнкү чырактар орнотулуп жатат. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаарда 10дон ашык улуттун өкүлдөрү жерге берилген көрүстөндүн айланасы тосулуп, иретке келтирилди. Кадамжай шаары боюнча жалпы 7 көрүстөн бар. Учурда 7 көрүстөндүн тең айланасы тосулуп, иретке келтирилген.

«Кадамжай шаарында илгертеден эле көп улут жашап, ынтымакта өмүр сүрүп келишкен. Бүгүнкү күндө да бул шаарда ондогон улуттан куралган калк жашайт. Алардын ынтымагы бекем, той-аштарда бирге болушат. Биз ушул ынтымакты улай эле Кадамжай шаарындагы көп улуттун өкүлдөрү жерге берилген көрүстөндүн айланасын тосуу боюнча маселе көтөрдүк. Шаардык кеңеш колдоп берди. Шаардын бюджетинен акча жумшалып, мүрзөнүн айланасы тосулуп, иретке келтирилди. Ошондой эле эл чогулуп, мал союлуп, көзү өтүп кеткендерге куран окулду», - деди мэр.

Шаардын инфраструктурасы мурункуга салыштырмалуу жакшырып, узундугу 2 км болгон жолго жаңы асфальт төшөлдү. Таза суу агуучу түтүктөр жаңыларына алмаштырылды. Шаарга караштуу Жаңы-Жер айылындагы жолго муздак асфальт басылды. Жакында А.Жалилов көчөсүнө асфальт төшөө иштери башталат. Калаадагы оңдоп-түздөөгө муктаж 2 бала бакчанын бөлмөлөрү толугу менен оңдолду. Жакында шаарда 4 жерге балдар ойноочу аянтча курулмакчы.

«Шаарыбыздын көчөлөрүндөгү түнкү чырактардын көпчүлүгүн алмаштырдык. 3 көчөдөгү эски чырактардын ордуна жаңы, үнөмдүү чырактарды орноттук. Жакында дагы башка көчөлөргө 104 даана үнөмдүү чырактар орнотулат. Жолго асфальт төшөө үчүн жолго чейин чыгып калган дубалдарды ээлери өздөрүнүн эрки менен бузуп жатышат. Эгер кыйналгандар болсо биз жардам беребиз.

Ошондой эле спортчулар мэрия менен бирге Ак-Суу дарыясынын жээгин тазалашат. Мындан сырткары көптөгөн жаңы долбоорлордун артынан иштеп жатабыз», - деди мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×