Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Баткен облусу, Баткен 19.07.2019 09:58

Баткенден ажылык сапарга баруучулардын алгачкы тобу 22-июлда Мединага учат

// Пресс-служба ДУМК

Turmush -  Баткен облусунан ажылык сапарга баруучулардын алгачкы тобу 22-июлда Мединага учат. Бул тууралуу облустук казыяттан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар 22-июлда түштө «Ош» эл аралык аэропортунан учушат. Алгачкы топто 150 адам ажыга коштоп баруучулар менен жөнөп кетишмекчи. Аларга атайын сабактар өтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ажы башчылар алардын коопсуздугун эске алып, Баткенден Ош шаарына чейинки каттам үчүн атайын кичи автобус жалдайт.

Быйыл ажылык милдеттерин өтөп келүүгө Баткен облусунан 485 адам жолдомо алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×