Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 18.07.2019 10:20 Жаңыланды: 18.07.2019 18:41

Активист Табылды Муратбеков: «Америкада калууга мүмкүнчүлүк болду, бирок…»

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Тологой айылынын 25 жаштагы тургуну, жаш активист Табылды Муратбеков Президенттин аппаратына караштуу «Ыйман» фондунда эмгектенет. Ал жаштардын интеллектуалдык потенциалын, сабаттуулуктун деңгээлин көтөрүүгө багытталган долбоорлор менен иштеп жатканын Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Өзүнүн айтымында, ал мектепти аяктагандан кийин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык мамилелер факультетинде тышкы саясат адистиги боюнча билим алган. Окуу жайды 2016-жылы аяктаган соң, Кытайдын Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинен билим алууну уланткан.

«Кыргыз улуттук университетти аяктаган соӊ Шанхай кызматташтык уюмунун программасына документ тапшырып, Кытайда бир жыл акысыз билим алууга жолдомо алдым. Ал жерде окуу менен бирге мекендин, эгемендиктин кадырын чындап билдим», - дейт ал.

Ошондой эле Т.Муратбеков студент кезинде 2014-жылы «Work and travel» программасы менен АКШда 3 ай тажрыйба топтоп келгенин жана ошол учурда Америкада калууга мүмкүнчүлүк болгонун айтат.

«Мен курактуу жүздөгөн студенттер долбоор аркылуу АКШга барды. Ал жактын жашоо шартын, жумуш тартибин жактырып, калып калгандар көп болду. Менде дагы Америкада калып, иштеп кетүү мүмкүнчүлүгү болду. Бирок өлкөнүн келечеги болгон жаштар чет өлкөлөргө тарай берсек, мекенибиздин өнүгүшүнө ким салым кошот деген ой менен кайра өз өлкөмө кайтып келе бердим», - дейт ал.

Т.Муратбеков эң баалуу ресурс болгон адамдык ресурсту чыңдаганда гана өнүгүү жолуна түшөбүз деп ишенет.

«Мамлекеттин келечеги жаштардын колунда деп көп айтабыз. Бирок кандай жаштардын колунда деген суроону көп ойлонбой жаткандайбыз. Албетте, өлкөнүн келечеги билимдүү, мекенчил, ыймандуу жаштардын колунда. Андыктан биздин аткарып жаткан ишибиз элди, өзгөчө жаштарды китепке, билимге үгүттөө багытында жүрүүдө. Эң баалуу ресурс бул — адам, биз адамдык ресурсубузду көтөргөндө гана өнүгүү жолуна түшө алабыз», - дейт ал.

Т.Муратбеков учурда «Интеллектуалдык инвестиция», «Бир адамдан бир китеп», «Китепкөй Ала-Тоо» сыяктуу долбоорлор менен аймактарды кыдырып, анын алкагында жергиликтүү тургундар, жаштар менен байма-бай жолугушуулар өткөрүлүп жатканын айтты.

«Мисалы Нарындын Ак-Талаа районунда башталган «Бир адамдан бир китеп» долбоору аркылуу 52 китепкананы жаңырттык. Окуучулар жана айыл тургундары үчүн белгилүү акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер менен жолугушууларды уюштуруп жатабыз. Бул билимге суусап турган жаштар үчүн абдан пайдалуу болот деп ишенем», - деди активист Т.Муратбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×