Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусу, Талас 17.07.2019 18:24

Таластагы милиция кызматкерлери Көчмөндөр оюндары учурундагы коопсуздук маселесин талкуулашты

Turmush -  Бүгүн, 17-июль күнү Талас облусуна ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов иш сапары менен келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Министрдин орун басары бүгүн Таласта милициянын жыйыны өтүп, 6 айдын чыгарылгандыгын белгиледи.

«Таласка жыл башынан бүгүнкү күнгө чейинки иштердин жыйынтыгын чыгаруу боюнча келдик. Экинчи маселе Таласта өтө турган Көчмөндөр оюндарындагы коопсуздук боюнча суроолор каралды.

2019-жылдын башынан бери жаңы мыйзамдар, кодекстер күчүнө кирип иштеп жатат. Мурункуга караганда кылмыштардын саны 50% көбөйдү. Таласта башка жылдары мынча убакыт аралыгында 400-500 кылмыш катталса, учурда жарым жыл ичинде 1 миңден ашык кылмыш катталып калган. Ага себеп азыр арызы, көйгөйү бүт катталат. Кээ бир жоруктар (тоок уурдаган, телефон уурдаган, велосипед уурдаган) кылмыш катары саналат», - деди Каниметов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×