Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Нарын облусу, Нарын 17.07.2019 23:11

Нарын шаарындагы социалдык коргоого муктаж балдар эс алууга жөнөп кетишти

Turmush -  Өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу максатында Нарын шаарындагы социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлгө 5 күндүк эс алууга жиберилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Балдардын эс алуусуна шаардын жергиликтүү бюджетинен 100 миң сом бөлүнгөн.

9 жаштан 14 жашка чейинки курактагы 34 бала Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы Улуттук илимдер академиясынын «Илим» балдардын ден соолук борборунда эс алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×