Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 17.07.2019 16:36

Базар-Коргондун тургундары министр У.Кочкоровго социалдык кызмат көрсөтүүнүн абалы начар экенин айтышты

Turmush -  Бүгүн, 17-июлда Базар-Коргон районуна эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров иш сапары менен келип, жергиликтүү тургундар менен жолукту, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жолугушууга райондун акими А.Бегимкулов баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тургундар катышты. Анда былтыркы жылы кабыл алынган социалдык жөлөк пулдар боюнча мыйзамдын ишке ашканы, жетишкендиктери жана кемчиликтери туурасында сөз болду. Ошону менен бирге аталган министрлик тарабынан сапаттуу жана даректүү кызмат көрсөтүлүп жатканы боюнча пикир алышышты.

Жыйында тургундар райондун аймагында социалдык кызмат көрсөтүүнүн абалы жакшы эмес экенин айтышты. Мындан улам министр бул көйгөйдү тез аранын ишинде жоюуну тийиштүү кызматтын өкүлдөрүнө тапшырды.

«Бүгүнкү күндө 16 жашка чейинки 302 миңден ашуун бала жөлөк пул алат. Ал эми жылына 150 миңдей бала төрөлсө, аларга дагы сүйүнчү пулдар берилет. Мындан тышкары Кыргызстанда жалпы 187 миң мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Анын ичинен 31 миңи балдар. Аларга ай сайын жөлөк пулдар мамлекет тарабынан берилип турат. Бүгүнкү жолугушуу калк арасында социалдык маселелерге болгон муктаждыктарды жоюуга багытталган», - деди министр У.Кочкоров.

Маалым болгондой, У.Кочкоров Жалал-Абад облусунун бардык район-шаарларынын тургундары менен жолугушуу өткөрүүдө. Кийинки жолугушуу Сузак жана Тогуз-Торо райондорунда улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×