Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуНарын району 17.07.2019 16:30 На русском

Нарын районунун тургундары Солтон-Сары алтын кениндеги ишти токтотууну талап кылышууда

Turmush -  Нарын районундагы Солтон-Сары алтын кениндеги чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан Кытай компаниясынын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылып, жүзгө жакын жергиликтүү эл чогулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 17-июлда Солтон-Сары жайлоосуна өкмөттүк комиссия, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч органдарынын башчылары барышты. Алгач алар «Jhong ji Mining company» компаниясына барып, андан соң тургундар менен жолугушуу өткөрүштү.

Жергиликтүү тургундар аталган иштин пайдасынан зыяны көп экенин, жайлоо талкаланып, таза суу булганып жатканын билдиришти. Өкмөттүн өкүлү Аманбай Кайыпов өлгөн малдардын жана суунун анализи чыгып жатканын, комиссия тарабынан баары көзөмөлгө алынганын билдирип, элди тынчтандырууга аракет жасады.

Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары Солтон-Сарыдагы жарылуу учурунда тартылган видеону жарыялашкан болчу. Мындан тышкары жайлоодон тартылган сүрөт жана видеолорду жүктөшкөн эле. Андан жандык малдардын өлүп жатканын көрүүгө болот. Социалдык тармактардын колдонуучулары мындай көрүнүш алтын кендеги жардыруу иштеринен улам болушу мүмкүн деп болжолдошууда.

Солтон-Сарыда азыркы убакта кытайлык «Jhong ji Mining company» компаниясы иш алып барып жатат. Учурда чалгындоо иштери болуп, жолдор салынууда.

Аталган компания Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган жана анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курулуу астында турат. Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×