Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 17.07.2019 15:30

Сүрөт — Тоңдо «Сары кыздын тою» башталды

Turmush -  Тоң районунун аймагында «Сары кыздын тою» сезону башталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, өрүк алууга 13-июлдан баштап Балыкчы шаарынан Тоң районунун Бөкөнбаев айылына чейин чоң унаалар менен ишкерлер келип, жергиликтүүлөрдөн өрүк сатып алып жатышат.

Жашоочулардын айтымында, учурда өрүктүн килограммы 30 сомдон 37 сомго чейин болуп жатат. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл өрүктүн баасы арзан болууда.

«Былтыр өрүктүн килограммы 45-50 сомдон болгон. Быйыл 40 сомдон башталды, бирок бул баа туруктуу эмес. Жыл сайын баа бат эле 15-20 сомго чейин түшүп кетет. Кээде 8-10 сомго чейин түшкөн учурлар болгон. Баа туруктуу болсо элге жакшы болмок, анткени карапайым эл өрүк сатып оокат кылат», - дешти тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×