Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 17.07.2019 14:51 На русском

Ысык-Көлдө скутер менен жоголгон казак жараны кантип аман калганын айтып берди. Видео

Turmush -  Ысык-Көлдө дайынсыз жоголуп кетип, аман-эсен табылган Казакстандын жараны М.Аркадий милиция кызматкерлерине окуянын чоо-жайын айтып берди.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына караганда, 17-июлда Ысык-Көл ОИИБге 14-июлдан бери изделип, кийин аман-эсен табылган Казакстандын жараны М.Аркадий чакырылды.

Өзүнүн көрсөтмөсүндө ал: «Скутердин бензини түгөнүп калып, эки сутка калкып жүрдүм. Эки түн скутерде түнөдүм, андан кийин дүйшөмбүгө караган түнү катуу шамал болуп, скутер чөгүп кетти. Мен тескей жээкке чейин сүзүп бардым. Андан соң жолдогу унааларды тосуп, «Алтын-Көл» пансионатына келдим», - деп билдирген.

«Учурда Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан анын көрсөтмөсү боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле чыгым тарткан скутердин ээсинин арызы дагы эске алынып, текшерүүнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», - деп айтылат ОИИБдин маалыматында.

Буга чейин Ысык-Көлгө эс алууга келип, 14-июлда дайынсыз жоголгон казакстандык жаран 16-июлда тирүү табылганы маалымдалган.

Аркадийдин өзүнүн айтымында, ал скутер менен көлдүн түштүк жээгине чейин сүзүп барган. Бирок скутер сууга чөгүп кеткен. Өзү такси менен эс алууга келген пансионатка кайтып келген.

Окуя тууралуу:

Буга чейин маалымдалгандай, 14-июлда Кара-Ой айылындагы эс алуучу жайда эс алып жүргөн Казакстандын 1966-жылы туулган М.Аркадий аттуу жараны скутер айдап кетип, дайынсыз жоголгон.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 14-июль күнү болжол менен саат 21:30 чамасында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Алмата шаарынын 1966-жылы туулган тургуну С.Александр арыз менен кайрылган. Ал «Алтын-Көл» пансионатында чогуу эс алып жаткан 1966-жылы туулган досу Аркадий болжол менен саат 14:15 чамасында дайынсыз жоголгонун билдирген. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, аталган жарандар Ысык-Көлгө 13-июлда келишкенин аныкташкан.

14-июль күнү Аркадий Кара-Ой айылынын 1995-жылы туулган тургуну Т.Бактынурдан ижарага скутер алган. Ал белгисиз тарапка сүзүп кетип, кайра кайтып келген эмес. Александр көлдүн жээгиндеги башка скутерлердин ээлери менен бирге өз алдынча издөө иштерин жүргүзүүгө аракет кылган, бирок катуу толкундан улам издөөнү токтотушкан.

15-июлда Аркадийди издөө боюнча атайын штаб түзүлгөн. Издөө-куткаруу иш-чараларына укук коргоо кызматкерлери, куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар тартылган. Андан тышкары тик учак менен издөө иштери жүргүзүлмөк болгон.

Turmush басылмасына Аркадий 1966-жылы 11-сентябрда туулганы белгилүү болгон. Ал Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин институтун бүтүрүп, Украинанын Одесса шаарында 86-гвардиялык мотоаткычтар полкунда кызмат өтөгөн.

16-июлда аны издөөгө 81 куткаруучу, ИИМден 167 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 32 адам тартылып, моторлуу кайык менен издөө иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланган.

Маалыматка караганда, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жеке менчик кемелердин ээлерине багыттоо берилип, издөө иштери үчүн амфибия учагы жана 12 кеме тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×