Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 17.07.2019 14:37

«Абышкам жөө жүрбөсүн деп унаа алгам»: 85 жаштагы Күлүйпа апа. Сүрөт

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 85 жаштагы тургуну Рыспаева Күлүйпа апа жаш кезинде талыкпай иштеп, сыйлыкка унаа алган. Аймактык кабарчы ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районунун Бакайыр айылында өскөн.

«7-класска чейин орто мектепте окуп, шартка байланыштуу 10-классты Талас шаарынан аяктадым. Келечекте дарыгер болом деп кыялданчумун. Бирок кайдагы дарыгер? Окууну бүтөр замат турмушка чыктым. 1953-жылы Кара-Буура районунун Шекер айылынын тургуну Акылбек аттуу жигитке бүлө болдум. Жолдошум мугалим болуп иштеген, чекчейген жигит эле. Экөөбүз эл катары эле таанышып, бири-бирибизди жактырып жүрүп баш коштук. Мен окубасам да макул болуп күйөөгө тийдим. Ал өмүр бою эле мектепте иштеп, эл агартуунун отличниги болду. Мен анын кийимине чаң жугузбай, шымын кырлап үтүктөп, ысык тамагын даярдап, бала төрөп эле үйдө отурдум. Экөөбүздөн 2 кыз, 5 уул бар. Аларды татыктуу тарбиялап, 4 баланы жогорку билимдүү кылдык. Азыр баары өз турмуштары менен. Жаштыгыбызды, болгон күчүбүздү 7 балага арнадык. Алар менин жашоомдун маңызы. Бактылуу карылыкта жашап жатам десем болот. 36 небере, 55 чөбөрөнүн курчоосунда отурам.

Балдар чоңоё баштаганда чоң жеп, чоң ичип калат экен. Жолдошумдун колуна кол, бутуна бут болоюн деп тамекиде иштедим. МТФде саанчы болуп иштеп жүрдүм. Ишимдин арты менен көп сыйлыктарга ээ болдум. Элге келе электе унаа менен сыйлангам. Ал убакта азыркыдай унаалар кайда. Чанда гана унаа кездешчү. Анда дагы байлар гана айдачу эле. Мен кылган ишимдин арты менен унаалуу болгом. Ошондо айыл эли аябай таң калып, мен катуу толкундангам. Чалымды тамашалап, «сени мектепке жөө барбасын деп, болгон күчүмдү жумшап унаа алдым» деп күлүп калчумун. Ал унааны көп жылга чейин айдап, көп жакшылыктарга барып жүрдүк. Талыкпаган түйшүктүн арты менен «Эмгек ардагери» наамын алдым. 2015-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин колунан «Баатыр эне» төш белгисин тагындым. Чалым 83 жашында кайтыш болгон. Экөөбүз бактылуу күндөрдү чогуу өткөрдүк. Баарын бирге жеңдик. Бирок өкүнүчтүүсү — картайганда жанымда болсо болмок.

Азыр кичүү уулум Самат менен келиним Айгүлдүн колундамын. Аларга ыраазымын. Ысык чай, тамагымды даярдап, өз убагы менен берип келет. Картайганда жакшы сөз, жылуу кийим, күчтүү тамак жана көңүлдун тогу эле керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×