Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 17.07.2019 13:46

Жети-Өгүздө мыкты деп табылган кварталга 100 миң сом тапшырылат

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айыл аймагында «Элим таза, жерим таза» урааны алдында кароо-сынак башталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Кызыл-Суу айыл аймагынын башчысы Манас Алымовдун айтымында, маданий иш-чарага айыл аймактагы 8 кварталдын тургундары катышууда.

Сынакта тургундардын айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, айылдарды өнүктүрүү багытында жасалган иштери каралууда. Соңунда мыкты деп табылган кварталга жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 100 миң сом берилет.

Кызыл-Суу айыл аймагында 16 миңден ашуун калк жашайт, 3 жылдан бери аймактарды өнүктүрүү максатында атайын кароо-сынак өткөрүлүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×