Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 17.07.2019 12:54

Министр Э.Чодуев Тоңдогу дыйкандардын көйгөйлөрүн жеринде көрдү

Turmush -  Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Ысык-Көл облусунун Тоң районуна иш сапары менен келди, деп билдирет аймактык кабарчы.

13-июлда өткөн жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты А.Дүйшалиев, райондун акими Д.Арпачиев жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Анда райондогу суунун тартыштыгына карата ирригациялык тармактар боюнча бир катар маселелер каралып, иш-чаралар иштелип чыкты.

Коңур-Өлөң айылындагы суткалык суу сактагычты кеңейтүү, Көл-Төр каналына лоток куруу, аларды дүйнөлүк банктын ирригациялык реабилитациялоо долбооруна киргизүү маселеси боюнча Республикалык суу чарба департаменти менен иш жүргүзүү тапшырылды.

Ак-Сай айылындагы Чокмор-Ата каналын куруу үчүн долбоордун сметалык документтерин даярдоого каражат табуу аким Д.Арпачиевге тапшырылды.

Ал эми Бар-Булак айылындагы күнөскананын, Тогуз-Булак айылындагы мал союучу цехтин курулушунун жүрүшүнө министрдин орун басары А.Исаев жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери күбө болушту. Мындан тышкары, министр Э.Чодуев жергиликтүү дыйкандар менен жолугуп, көйгөйлөрүн жеринде көрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×