Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 17.07.2019 10:51

Сүрөт — Ноокендин Сере жайлоосунда малчылардын слету өттү

Turmush -  Ноокен районунун Сере жайлоосунда 13-14-июль күндөрү малчылардын райондук слету болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү К.Сатыбалдиев, райондун акими Э.Маматаев, райондук жетекчилер, айыл өкмөттүн башчылары, Кочкор-Ата шаарынын мэри, саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери, райондук маданият бөлүмүнүн өнөрпоздору катышты.

Сере жайлоосунда буга чейин 2014-жылы малчы-чабандардын слету өткөн.

Слеттун негизги максаты — малчылардын жашоо-турмушу менен таанышуу, алардын ден соолугунан кабар алуу, медициналык жардам көрсөтүү, жолдун абалын көрүп, каттоого ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат. Ошондой эле иш-чара малчы-чабандарга моралдык жана материалдык жардам берүү, маданий программа тартуулоо максатында уюштурулду.

Слеттун жүрүшүндө улуттук ат оюндары, күрөш, эңиш боюнча мелдештер өттү. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланып, малчыларга ардак грамота тапшырылды.

Маалым болгондой, район боюнча кара малдын саны 2018-жылы 32 миң 548 баш болсо, 2019-жылы 33 миң 466 башка жеткен. Ошондой эле жылкы жана кой-эчкилердин саны дагы 145 миң 728ден 148 миң 176 башка көбөйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×