Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусу, Ош 17.07.2019 10:24

Кыргызстан Орто Азияда энелердин өлүмү боюнча алдыңкы орунда турат, - вице-спикер

Аида Касымалиева
Аида Касымалиева

Turmush -  15-июлда Ош облусундагы оорукананын жетекчилери, өкмөттүн өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын катышуусунда жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйын Ош шаарында өтүп, анын алкагында Кыргызстандагы эне жана баланын өлүмүн азайтуу, тукумсуздук ооруларын жана өспүрүмдөрдүн сексуалдык зомбулукка кабылуусун алдын алуу маселелери талкууланган.

Жыйында оорукана жетекчилери тоолуу райондордо адистердин жетишсиздигин баса белгилешти. Ал эми вице-спикер А.Касымалиева өлкөдөгү энелердин өлүмү тууралуу ой бөлүштү.

«2015-жылы репродуктивдик укуктар (никеде жана никеден сырткары балалуу болуу же болбоого карата эркин чечим кабыл алуу) боюнча мыйзам кабыл алынган. Ушул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча бир нече жылдан бери мониторинг жүргүзүп келе жатабыз. Мыйзамдын ичине эненин, ымыркайлардын арасында жугуштуу оорулардын тез жайылып жатышы боюнча маселелерди кароо дагы кирет. Соңку 5 жылга салыштырмалуу энелердин өлүмү азайып жатат. Бирок Кыргызстан Орто Азияда энелердин өлүмү боюнча алдыңкы орунда турат. Бул маселени чечүүнү бир гана медицина кызматкерлерине жүктөп коюу туура эмес. Жергиликтүү бийлик, Билим берүү жана илим министрлиги, дин кызматкерлери, медицина кызматкерлеринин ортосунда байланыш жок болуп жатат. Бул маселе ушул тармактар тыгыз иштешкенде гана жеңилдейт. Бүгүнкү күндө медицина кызматкерлери айылдарда жана тоолуу райондордо жетишсиз болууда. Ошондуктан жаш үй-бүлөлөргө жана жаш энелерге керектүү маалыматтар берилбей жатат.

Учурда бир жылда эки жолу төрөгөн энелер (жылдын январь жана декабрь айында төрөгөндөр) 11 пайызды түзүүдө. Бул чоң көрсөткүч. Бул эне жана баланын ден соолугуна кооптуу. Жылдан жылга тубаса майып балдар көп төрөлүп жатат», - деди Аида Касымалиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×