Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 17.07.2019 10:22 На русском

Эл сөз кылган Соң-Көлдөгү «крутой» даараткана. Видео

Turmush -  Соң-Көл жайлоосунда турист тосуучу этношаарчанын ачылыш аземи болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, туристтер катышты. Шаарчанын ээси Таалай Карпбеков Кыргызстандын туризм тармагында потенциалы жогору экендигин жана туристтерди тосуп алууда мыкты сервис керектигин билдирди.

«Өзүңүздөр көрүп тургандай, Соң-Көл көлүнүн жээгине туристтерди, конокторду тосуучу этношаарча курдук. Шаарчадагы боз үйлөрдө бардык шарттар түзүлгөн. Социалдык тармактарда ажатканабыз талкууга алынды. Мунун баары келген меймандар үчүн. Мыкты түзүлгөн шарт туризм тармагынын өсүшүнө салым кошот», - деди ал.

Этношаарчаны курууга 7-8 млн сомдук каражат сарпталган.

Буга чейин Нарын облусунун Соң-Көл жайлоосундагы заманбап үлгүдөгү даараткана социалдык тармактарда талкууга алынган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×