Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 17.07.2019 10:08 На русском

Баткендин Миң-Чынар айылында милициянын капитаны үчүн үй, кызматтык кеңсе курулду. Видео

Turmush -  Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Миң-Чынар айылында милициянын аймактык пункту ачылды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Алчынбай Төралиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин имарат жоктугунан №31 таяныч пунктунун тескөөчүсү Чырмаш Үсөн уулу мечиттерде, элдин үйүндө жашап келген. Имарат маселесин чечүү максатында Ак-Турпак айыл өкмөтүнөн 1 млн сом, Кадамжай РИИБден 200 миң сом бөлүнгөн. Демөөрчүлөр дагы колдоо көрсөтүп, жалпы 1,5 млн сом сарпталды.

Имараттын курулушу март айынын аягында башталган. Кеңсенин аянты 3,5 сотых болуп, имарат 4 бөлмөдөн турат. Анын 3 бөлмөсүндө Миң-Чынар айылын тейлеген милициянын аймактык тескөөчүсү, капитан Чырмаш Үсөн уулу үй-бүлөсү менен жашайт. Ал эми 1 бөлмөсү кызматтык бөлмө.

«Үй-бүлөң тынч, жаныңда болсо жумушка да кызыгуу артып, жоопкерчилик күчөп, иштөөгө шарт түзүлөт. Бүгүн 3 балам, үй-бүлөм үчүн үй маселеси чечилип, кубанып турабыз», - деди милиционер Чырмаш мырза.

Кеңсенин ачылыш аземине ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев, облус жетекчиси Акрам Мадумаров, Баткен ОИИБдин башчысы Аскарбек Аширалиев, жергиликтүү тургундар жана милиция кызматкерлери катышты.

Бүргөндү айылдык милиция пункту 26 миң адамды, башкача айтканда Ак-Турпак, Кыргыз-Кыштак жана Совет айыл өкмөттөрүн тейлейт. Ак-Турпактагы бул таяныч пункту айылдык милиция бөлүмчөсүнөн 20-25 км алыста жайгашкан. Миң-Чынар айылында негизинен мал уурулук фактысы коп катталат. Быйылкы жылдын 6 айында эле 7 мал уурулук (18 баш мал) фактысы катталып, баарынын бетин ачылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×