Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 17.07.2019 09:57 Жаңыланды: 17.07.2019 18:14 На русском

Мекендештер: Германияда өз жолун тапкан кыргыз кызынын кызыктары (сүрөт)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 27 жаштагы Марсианна Мирбекова. Ал Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. Учурда Германиянын Нюрнберг шаарында жашап, эмгектенет. Turmush басылмасынын кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Кыргыз экономикалык университетин артыкчылык диплом менен аяктаган. Нюрнберг шаарына 2013-жылы кеткен. Учурда ооруканалардын биринде дарыгердин жардамчысы болуп иштейт.

«Алгач келгенде 4-5 ай бир үй-бүлөдө бала карап иштедим. Мен көп жылдан бери медициналык билим алууну жана бул багытта иштөөнү пландап жүргөм. Кийинчерээк ооруканада 1,5 жыл практика өтөдүм. Андан соң медициналык окуу жайдан билим алдым. Учурда Нюрнберг шаарындагы ооруканалардын биринде дарыгердин жардамчысы болуп иштеп жатам. Бул жерде медицина алда канча өнүккөн. Эгер адам медициналык жардамга муктаж болсо акчасы жок экендигине карабай медициналык жардам көрсөтүлөт.

Нюрнберг шаары мага аябай жакты. Жашоого дагы абдан ыңгайлуу. Аба ырайы нымдуу, бат-баттан жамгыр жаайт. Жашоочулар пунктуалдуулугу менен айырмаланат. Бардык иштерин алдын ала пландаштырып коюшат. Мисалы, кийинки жылдагы эмгек өргүүсүн алдын ала пландап, эс ала турган жерге билеттерин камдап коюшат. Канчалык бай болсо дагы көчөдө шайтан араба менен же жөө жүрүшөт, жөнөкөй болушат.

Мени таң калтырганы ата-энелерин көбүнчө карылар үйүнө бергени болду. Мындай мамиле мага өөн учурады», - деди Марсиана Мирбекова.

Ошондой эле ал кызыктуу окуяларды эстеди.

«Жаңы келген кезде өзүм жашаган шаардан башка шаарга барышым керек болду. Ошол убакта каражат жагынан дагы кыйналып тургам, анан поездге билети жок эле отуруп алдым. Бирок билет жок экенин билип калышса 60 евро (6 миң сом) айып төлөйсүң. Мен тобокелге салып, билетсиз кирип кеттим. Бир маалда текшерүүчү келе жатыптыр. Аны көрүп, коркуп баштадым. Анан дааратканага кирип кеттим, анткени алар даараткананы текшеришпейт. Бир маалда эшикти бирөө тыкылдатып калды, жүрөгүм түшкөнүнө карабай, айла жок эшикти ачтым. Эшикти ачсам башка аял экен. Ошентип бир айыптан араң кутулуп, экинчи мындай ишти кайталагыс болдум. Кечкисин транспорт токтоп калат, айла жок такси менен жүрүүгө туура келет. Шаардын башынан аягына чейин жөө жүргөн күндөр болгон.

Бош убактымда көбүнчө башка шаарларды кыдырганга аракет кылам, фитнеске жана сууда сүзүүгө барам. Жакынкы аралыкта ушул тармакта эле иштеп, тажрыйба топтоону пландап жатам», - деди М.Мирбекова.

Ал үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×