Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусуНоокат району 17.07.2019 09:42

Ноокатта 7,74 млн сомго 1,5 км жол асфальтталууда

Turmush -  Ноокат районуна караштуу Н.Исанов, Кара-Таш айыл өкмөттөрүндө 1,5 чакырым жолго асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү Нойгут айылынын 1 км жолуна мамлекеттик бюджеттен 5 млн 874 миң сом бөлүнүп, асфальт төшөлүүдө. Андан тышкары жергиликтүү бюджеттин эсебинен Кара-Таш, Нойгут айылдарына электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү максатында 1 млн 280 миң сомго 128 даана темир бетон мамычалары орнотулууда. Алар Ноокат шаары менен Нойгут айылын байланыштырган жолдун жээгине орнотулгандыктан, унаа жол дагы жарыктандырылат.

Ал эми Н.Исанов айыл өкмөтүндөгү Жар-Коргон айылына мамлекеттик бюджеттен 1 млн 200 миң сом бөлүнүп, 500 метр жолго асфальт төшөлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×