Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 15.07.2019 20:00

Ош шаардык маданият башкармалыгына 31 жаштагы жетекчи келди

Turmush -  Ош шаардык маданият башкармалыгынын жетекчиси болуп Элдияр Кадыркулов дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-июль күнү Элдияр Кадыркуловду маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өзү эмгек жамаатка тааныштырып кеткен. Буга чейин Э.Кадыркулов Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгынын 12-кварталдык комитетинин төрагасы болуп эмгектенген.

Ал эми Ош шаардык маданият башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Топчубай Досматов өзү жазган арыздын негизинде кызматынан бошотулган.

Элдияр Кадыркулов 31 жашта.

Элдияр Кадыркулов

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×