Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баракелде, Дүйнө 15.07.2019 16:41 На русском

Москва шаарындагы мигрант А.Көлбаев документтерин жоготуп, Кыргызстанга келе албай жатат

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылында жашап жүргөн Акжол Көлбаев Москва шаарында өздүгүн аныктаган документтерин жоготуп жиберип, Кыргызстанга келе албай убара.

IMG_20190709_195709

Россиядагы мекендештердин айтымында, Акжол Россиянын жарандыгын алган.

«Азыр бул адамдын баш калкалай турган жери жок. Бир жыл мурун документтерин жоготуп алыптыр. Негизи ал Москвада 10 жылдан бери жашайт экен. Учурда документтерин алуу үчүн жардамга муктажбыз. Документтери бүтсө Кыргызстанга жиберебиз», - деди алар.

Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы Канат Алманбетов Акжол Көлбаевдин жакындары айылдан көчүп кетишкенин жана туугандары жок экенин айтты.

«Акжол Көлбаев 1977-жылы туулган. Азыр үй-бүлөсү жок. Москвада иштеп жүрөт деп укканбыз. Атасы Какин Көлбаев автобазанын директору болуп көп жыл иштеген, аты таанылган инсан. Апасы Сагын Осмонгазиева атагы чыккан мугалим. Бул адамдын Гүлназ Көлбаева деген эжеси бар. Акжолду ошол билсе керек», - деди К.Алманбетов.

Ал эми Акжолдун бир тууган эжеси Гүлназ Көлбаева: «Акжол менин бир тууган иним. Ал документтерин жоготпой эле күрөөгө коюп, арак ичип жүрөт. Мен анын сырын билем. Акжол менин жанымда (Москва шаарында) 10 жыл иштеди. Ал кекиртектин айынан дайыма күрөөгө паспортун койчу. Күрөөгө акча төлөп, документин алып, колуна карматчумун. Акыркы бир жылдан бери Кыргызстандамын. Ооруган апамды багуу үчүн келгем. Мен кеткенден кийин Акжол селсаяк болуп калыптыр. Өткөндө Москвадагы миң-куштук балдар таап, менин курбумдун үйүнө алып барышыптыр. Ал жерден жуунтуп, кийим-кече алып беришиптир. "Үйдө бол, карайбыз" дешсе, эски кийимдерин кийип алып качып кетиптир.

Балам дагы Москва шаарында иштейт. Акжолду 3 күн издеп, аны тапкандан кийин мончого алып барып жуунтуп, кийим-кече сатып бериптир. «Документиңди бүтүр, Кыргызстанга кет» деп колуна акча берсе дагы качып кетиптир. Үй-бүлөсү жок. Москвада жүргөнүнө 14 жыл болду.

Россиянын паспортун алып бергем. Бул паспортко жетпегендер да бар. Маңкурт болуп калды. Аракка мээсин алдырып жиберди. Мен азыр иштебейм, апамды карап үйдөмүн.

Август, сентябрь айларында каржы жактан жардам болсо барып алып келсем дейм. Мен алып келбесем келчүдөй эмес. Ошондуктан жардам керек. Өзүм 60 жашка чыгып калдым, Акжол 42 жашта», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×