Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 15.07.2019 10:09 На русском

Молдакун Абдылдаевдин жубайы менен уулу акыркы сапарга узатылып жатат. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 15-июлда Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунда Молдакун Абдылдаевдин жубайы Тинатин Шадыканова менен уулу Илимбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

-----------------------------------------------------------

Жайыл районунун аймагынан үй-бүлөсү менен бирге Көкөмерен суусуна аккан Молдакун Абдылдаевдин уулунун денеси 14-июлда табылган болчу. Денени саат 11:10 чамасында Жумгалдагы Арал айылынан 7-8 км төмөн тараптан табышканы маалым болгон.

30-июнда Ат-Башыдан Суусамырга бара жатканда Көкөмерен суусуна кулаган унаада жалпы 5 адам болгон.

Алар:

- 1960-жылы туулган Молдакун Абдылдаев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси болуп эмгектенип жаткан;

- Молдакун Абдылдаевдин жубайы — 1962-жылы туулган Шадыканова Тинатин Сыдыгалиевна. Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун окуу иштери боюнча проректору;

- Молдакун Абдылдаевдин уулу — 1993-жылы туулган Илимбек Абдылдаев. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин стратегиялык пландаштыруу жана аналитикалык камсыздоо бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеген;

- Молдакун Абдылдаевдин жээн небереси — 2011-жылы туулган Софья Борукеева;

- Айдоочу — 1996-жылы туулган Бакыт Абдылдаев [тууган эмес, фамилиясы окшош].

Айдоочу менен М.Абдылдаевдин денеси 2-июлда, жээн небересинин денеси 4-июлда табылып, акыркы сапарга узатылган. Тинатин Шадыканованын денесин 10-июлда саат 17:20 чамасында Жумгалдагы Арал айылынан 2 чакырым ылдый тараптан Көкөмерен дарыясынан табышкан.

Молдакун Абдылдаев менен жубайы Тинатин Шадыканова 2 кыз, 1 уулду (эң кичүүсү) өстүрүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×