Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.07.2019 18:06 Жаңыланды: 19.07.2019 22:06

Айыл турмушу: Өрүктүн мекенинде жашаган Нурзат комуздун түрүн чабат (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылынын 41 жаштагы тургуну Нурзат Такырбашев 8 жылдан бери комуз жасап сатат. Turmush басылмасынын кабарчысы аны менен таанышты.

Анын айтымында, комуздарды өрүк, карагай, жаңгактан чабат. Анын ичинен өрүк комуз жакшы бааланат.

«Ак-Терек айылы өрүктүн мекени болгондуктан комуз жасоого материал көп. Биз эң сапаттуусун тандап жасайбыз. Ошондуктан биздин айылдан өрүк комузду алуучулар көп болот. Ал 3,5 миң сомдон сатылат», - деди уста.

Карагайдан жасалган комуздар 2 миң сомдон бааланат.

«Негизи буйрутмага жараша жасайм. Бир жасаганда 10-15 комуз жасалат. Аны жасоого бардык материалы даяр болсо, 10 күндө даяр болот», - деди уста.

Нурзат мырза жубайы экөө 4 баланы тарбиялап келет. Балдары да ата жолун жолдоп, устачылыкка кызыгышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×