Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусуНоокат району 11.07.2019 16:54

Ноокатта элдин жардамы менен 6,7 млн сомго спорт зал курулду

Turmush -  Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнүн Толман айылында спорт зал курулду. Бул тууралуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Жаңы спорт зал 6 млн 723 миң 953 сомго курулган. Анын ичинен 2 млн 735 миң 300 сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнсө, 2 млн 669 миң 600 сомду тургундар чогултуп, 1 млн 253 миң 100 сом гранттын эсебинен каржыланган.

7-июль күнү спорт залдын ачылышы болуп, ага Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×