Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусуАраван району 08.07.2019 12:42

Араванда итке таланган 5 адам ооруканадан чыгарылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Араван районунда итке таланып ооруканага түшкөн 5 адам үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Араван аймактык ооруканасынан билдиришти.

2-июль күнү түнкү саат 23:00 чамасында 5 адам иттен жабыркап, ооруканага кайрылышкан. Ал эми 3-июль күнү дагы 2 адам итке таланып, дарыгерлерден жардам сурашкан. 7 бейтаптын ичинен экөө жаш балдар. Иттен жабыркагандарга дарыгерлер өз убагында жардам көрсөтүп, кутурмага каршы эмдөө жасашкан.

Учурда 2 адам ооруканада. Иттен кутурма оорусу табылган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×