Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 01.07.2019 10:03

Ысык-Ата районунда «Китеп кербени» акциясы өттү

Turmush -  28-июнда Ысык-Ата районуна караштуу Буденовка айылында «Китеп кербени» акциясы өттү. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук маданият бөлүмүнүн жетекчиси Салтанат Мамбетмусаева билдирди.

Анын айтымында, иш-чара быйыл Маданият жана маалымат министрлиги тарабынан «Мыкты жаш китепканачы» деп таанылган Алина Азимова тарабынан уюштурулду.

«Аталган иш-чарага бардык айылдардын китепканачылары, акимчиликтин, айыл өкмөттүн, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Китепканадагы ийримдердин иштери, балдардын кол өнөрчүлүк, сүрөт тартуу жана башка иштери көргөзүлдү. Ысык-Ата райондук «Эне мээрими» ак элечек апалар тобу, жаш китеп окуучулардын арасынан чыккан таланттуу окурмандар, ошондой эле китепканачылардын өздөрү ыр-бийлер менен саамалыкты шаңга бөлөдү. «Китеп кербени» Улуу Жибек жолунун боюндагы эстеликтердин (Красноречка (Невакет), Суяб (Токмок), Бурана (Баласагын), ЮНЕСКОнун тизмесине киргендигинин 5 жылдыгынын алкагында өттү. Бул багытта атайын даярдалган лекция, Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» китебинен үзүндүлөр окулду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×