Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуТалас району 28.06.2019 13:10

«Эми кыз төрөсөңүз албайм дагы, бакпайм дагы»: 7 кыздын апасы К.Алымбаева сегизинчи наристесин күтүп жатат. Сүрөт

Turmush -  Талас районуна караштуу Беш-Таш айылынын 35 жаштагы тургуну Кундуз Алымбаева 7 кыздын апасы. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Манас районуна караштуу Үч-Коргон айылынын кызы. «Баатыр эне» наамын быйыл май айында алды. Учурда сегизинчи наристесин күтүп жатат. Жолдошу Майрамбек Жарашов дыйканчылык менен алектенет.

«Жолдошум менен Таласта иштеп жүргөндө таанышып, 2004-жылы баш кошконбуз. Мен 4 бир туугандын экинчисимин. Жолдошум 5 туугандын үчүнчүсү. Жашыбызда самаганыбызды кудай буйруп көрүп отурабыз. Ар бир адам өз ырыскысы менен деген сөз бекеринен айтылбаптыр. Мисалы, эгилген буудайыбыздын түшүмү мол болуп, жолдошум таап келген тыйын баарына жетип, берекелүү болуп, шүгүр дейбиз. Ар бир кызыбыз төрөлөрдө аларды кантип багып чоңойтобуз деп баш мыкчыган жокпуз. Эң негизгиси ден соолугу чың болсун деп тиледим.

Кыздар төрөлүп отуруп, үчүнчү кыздан кийин төрөтканадан дарыгерлер: «Жээрибегиле, чанбагыла. Багуу кыйын болот, чыдоо керек» деп айтышчу. Бирок биз кыз болуп жатат деп кайгырган эмеспиз. Ал эми жетинчи кызымды төрөрдө дагы дарыгерлер «кыз болсо кейибейсиң» деп аябай даярдашкан. Мен бирок кыз экенин УЗИден эле билгем. Биз тескерисинче кудайдын бергени деп ыраазы болгонбуз. Дарыгерлер ар бир төрөттө бизди аяп жатышты (күлүп).

Жолдошум экөөбүз кыздарды колдоп, аларга шарт түзүп бергенге аракет жасап жатабыз. Келечеги үчүн деп эмгек кылып келебиз. Төртүнчү кызым «эми кыз төрөсөңүз мен албайм дагы, бакпайм дагы» деп эскертип жатат (күлүп). Буйруса август айында сегизинчи наристемди төрөйм. Кудайга шүгүр, кыздар 2 жылдан бери жардамга жарап калышты. Талаа иштерине дагы чогуу чыгып жардамдашат. Баары кыз болгондон кийин биринин кийимин бири кийип чоңоюп калышат экен. Элдин баары «кыздарыңар тынч, созулган кыздар» дешет. Бирок бейбаштык дагы кылышат.

Кайын энем экөөбүз «Баатыр эне» наамына документтерди топтоп берип жаттык. Быйылкы тапшырган документибиз өтүп, ушул жылдын 24-майында «Баатыр эне» сыйлыгын алдым. Сыйлыкты алууга чакырышканда эч кимге айтпай эле бардым. Ал жактан жакшы концерттик маанай менен тосуп алып, башкача сезимдер болду. Өзүмдүн апам, кайын энем дагы кайтыш болгон. Киргенде ыйлагың келет экен. Апа деген тирек канчалык экенин ошондо дагы бир ирет сездим. Алар дагы көрүшсө жакшы болмок деп калдым (жашып кетти). Ошол күнү тынч эле үйгө келсем, айылдагы тааныштарга өзүмдөн мурун сүрөтүм келип калыптыр. Алар куттукташты, ыраазымын.

Үчүнчү кызым сүрөткө кызыгат. Бош болсо эле кагаз алып сүрөт тартат. Үй тиричиликке тың болуп, жакшы окушат. Ар бирин багууда кыйынчылык болду. Төртүнчү кызыбыз төрөлгөнчө кайын энемдер менен чогуу жашап, алар багышты. Кийинкилерде өзүнчө бөлүнүп, жолдошум экөөлөп бактык. Жолдошум ар бир төрөттө бала аман төрөлгөнүнө сүйүнүп, ыраазы болот. Көпчүлүгү жоош болушту. Мээнетибиз кайтып чоңоюп калышты. Мени тааныгандардын баары сегизинчиси эркек болот деп күтүп жатышат (күлүп). Кыздарым атасына жакын. Балдардай болуп көп жардам беришет. Кандай жумуш болсо дагы жардам беришет. Жумушту ылгабай иштешет.

Улуу кызымдын атын жолдошум койгон. Анткени төрөлөрүндө бир топ аттарды жазып, даярдап алган экен. Кайын атам, кайын энем, жолдошум кагазга өздөрүнө жаккан аттарды жазып, ортого ташташкан. Андан бир кагазды алып окуганбыз. Толгонай деген жазуу чыгып, кызыбызга ошол атты ыйгардык. Калган кагаздарды дагы ачып окуп көргөнбүз. Ыраматылык кайын атам өзүнүн атын жазып алыптыр, аябай күлгөнбүз (күлүп). Кайын энем көзү өткөнгө чейин «абышкам өзүнүн атын жазып алыптыр, атын ыйгарайын деген го» деп айтып жүрдү. Экинчи кыздын атын кайын сиңдим койгон. Кийинкисин теледеги мультфильм «Актан менен Акылайдын» атынан Акылай деп коюшкан.

Ар биринин туулган күнүн майрамдап турабыз. Кайын энем туулган күндөргө маани берип, көңүл бурчу. Дасторкон жазып отурабыз. Кыздарым ошол күнү кечке чейин көйнөк кийип жүрүшөт. Жолдошум 8-мартта банкрот болот (күлүп)», - деди ал.

Кундуз айымдын кыздары:

- Жарашова Толгонай 2005-жылы төрөлгөн;

- Жарашова Айхан 2008-жылы төрөлгөн;

- Жарашова Акылай 2009-жылы төрөлгөн;

- Жарашова Бурул 2011-жылы төрөлгөн;

- Жарашова Асылзат 2013-жылы төрөлгөн;

- Жарашова Аруузат 2013-жылы төрөлгөн;

- Жарашова Айлин 2017-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×