Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ош облусу, Ош 26.06.2019 20:00

Кытай берген грантка Оштогу 50-60 көчө оңдолушу мүмкүн, - мэр

Turmush -  Кытай тарабынан берилген гранттын эсебинен Ош шаарындагы борбордук 50-60 көчөгө асфальт төшөлүп, оңдолуусу мүмкүн. Бул тууралуу мэр Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Бүгүн, 26-июнь күнү Ош шаарында жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча 3 айлыктын жыйынтыгын чыгарган жыйын өттү. Анын алкагында мэр Т.Сарыбашов Кытай мамлекети тарабынан бериле турган гранттын бир бөлүгү Ош шаарынын көчөлөрүн оңдоого жумшалышы мүмкүн экенин айтты.

«Президент грант катары берилген акчадан Ош шаарына да бөлүнөрүн билдирди. Ал акчага Ош шаарындагы борбордук 50 же 60 көчө оңдолуп, асфальт төшөлүшү мүмкүн. Азырынча белгисиз», - деди мэр.

Ошондой эле «Ош-Тазалык» ишканасына 1 айдын ичинде 9 жаңы техника берилери айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×