Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 26.06.2019 13:04

«90-жылдардагы жол ачтыруу модасы»: Көзү ачыкка баргандан кийин такыр баспай калган А.Үмөталиевдин тагдыры

Turmush -  Ысык-Көл районунун Корумду айылынын 40 жаштагы тургуну Айбек Үмөталиев көзү ачыкка баргандан кийин такыр баспай калганын айтат. Ага дарыгерлер миопатия эрба-рота (булчуң-нерв аппараттарынын оорусу) деген диагноз коюшкан.

Көп жылдан бери майып арабада отурган Үмөталиев жай мезгилинде көл жээгинде соода кылып, бир аз болсо да каражат таап алат.

«Мен кичинекей чагымда там-туң басып калганда катуу жыгылып, ошол бойдон баспай калыптырмын. 1992-жылга чейин балдак менен бастым. 1991-жылдары көзү ачыктар «мода» болуп жатканда Ак-Суу районуна барып, бир көзү ачык абышкага көрүнгөм. Ал абышка бастырам деп түз омурткаларымды чыгарып, кайра киргизип жана койдун кыгына белден ылдый көмүп дарылады. Ошондо ал буттагы тарамыштарды күйгүзүп салыптыр. Ошентип балдак менен дагы баспай калдым. Ал көзү ачыктан кийин эч жакка баргым да келбей калган. Ооруканага да көрүнгөн жокмун. Миопатия эрба-рота (булчуң-нерв аппараттарынын оорусу) деген диагноз коюшкан.

Мектепке барган жокмун, бирок мугалимдер үйгө келип окутуп кетчү. 7-8-класска чейин эле окудум. Көлдө сезон учурунда попкорн, кант ватасын сатам. Кыйын күндөрдө ата-энем жардам берди. Депрессиядан чыгыш үчүн интернет менен алаксыйм», - деди ал.

Айбек Үмөталиев кичинекей кезинде саманды өрттөп алып, жакындарын дааратканасыз калтырганын айтып берди.

«Анда мен 5-6 жашта болушум керек. Үйдөн ширеңке алып, огороддо жаткан момпосуйлардын кагаздарын өрттөп ойночумун. Даараткананын артында саман үйүлүп жатчу. Бир күнү ошол саман жакта момпосуйдун кагазы жаткан экен. Аны өрттөп койдум. Жакшы эле күйүп бүткөндөй болгон. Артымды карасам, саман күйүп жатыптыр. Эмне кыларымды билбей үйгө жөрмөлөп келип, керебеттин алдына кирип жашынып алгам. Ошентип бир жумадан ашык дааратканасы жок калганбыз. Ошол окуя эсимден кетпейт.

Балдак менен басып жүргөндө балдар менен балык кармап, сууга түшүп ойночу элек. Ал жерден ата-энебиз кубалап келчү. Анан кечке ойногонубуз үчүн таяк жечүбүз.

Канча жашта экеним эсте жок, чоңойуп эле калгам. Иним мени көлгө майып арабам менен алып барчу. Жөн барбай, ылдыйыш жолдон иним майып арабама жармашып алчу. Бир жолу ошентип бара жатып катуу жыгылдык. Арабамдын дөңгөлөгү чыгып, жарабай калды. Ошентип, үйгө бир байке кара жумушка колдонуучу кол арабасы менен алып келди.

Бош убакытта телефондогу оюндарды оңдойм. Кошуналардын телефондорун оңдоп калам. Себеби, кичинекейимде үналгыны, магнитофонду оңдогонду үйрөнүп алгам. Келечекке максатым — үй-бүлө күтүп, балалуу болсом дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×