Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 25.06.2019 18:49

Жалал-Абад облусунун райондорунда футбол, волейбол жана шахмат боюнча мелдештер өттү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун райондорунда футбол, волейбол жана шахмат боюнча мелдештер өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мелдештер Аксы, Ала-Бука райондорунда жана Кара-Көл шаарында өткөн. Таймаштар улуттар аралык ынтымакты чыңдоо максатында уюштурулду.

Кара-Көл шаарында өткөн футбол боюнча мелдешке 11 команда, волейбол боюнча таймашка 6 команда катышты. Мындан сырткары 30дан ашык шахматчы мелдешке түштү. Мелдеш учурунда өз активдүүлүгүн көрсөткөн оюнчуларга атайын баалуу белектер ыйгарылып, жеңүүчүлөргө кубоктор тапшырылды. Ошондой эле башка командаларга да Кара-Көл ШИИБ тарабынан белектер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×